Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Бажы кызматынын башчысы Кубанычбеков эки айга камакка алынды


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-мартка чейин Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот 19-январда чыгарды.

Атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. УКМКнын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.Кубанычбеков бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG