Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет


"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.
"Эти Бакыр Терексай" Чаткалдагы Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин казууга лицензия алган.

Ушул жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет. Бул тууралуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчиси Вели Гёкдере Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолуккан учурда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушууда экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы да талкууланганын кабарлады.

Аталган кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” – биргелешкен ишкана, капиталынын 25% “Кыргызалтын” компаниясына, 75% түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасына тиешелүү. Анда 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.

Жергиликтүү тургундар бул ишканага каршы утур-утур нааразылыгын билдирип келет. Былтыр декабрь айында эле “Эти Бакыр Терексайдын” айрым жумушчулары жана жергиликтүүлөр "ишкана үч айдоочуну жумуштан негизсиз алды, экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп жол тосушкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG