Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

ЖК: "Ата-Журт Кыргызстандын" лидери өкмөттүн кадр тандоосун сындады


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештеги аталган фракциядан депутат Айбек Маткеримов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кадр тандоо маселеси тууралуу кайрылды. Анда өкмөт кайсы бир кызматка талапкер көрсөткөндө жоопкерчиликти кошо алышы керектигин билдирди.

"Талапкерлерди тандоодо туура тандоо кылсаңыздар. Ар бир кесипти ичинен билген, кесипкөй инсандар бар. Бирок андай адамдар калып кетип жатат. Азыркы алып келген талапкериңиздин дагы (Талантбек Иманов -ред.) өмүр баяны, кандай иштерге аралашканы четинен чыга баштады. Азыр келип "президентибиз жоопкерчиликти алды" деп үч-төрт жолу кайталадыңыз. Сиздер дагы жоопкерчиликти алышыңыздар керек. Ар бир алып келген талапкериңиздер эртең Бажы кызматынын башчысына окшоп эки айга жетпей коррупцияга аралашып кетсе, сиз дагы өзүңүздү коррупционер катары баалашыңыз керек. Ошондо жумуш алдыга жылат. Сиздер туура багыт көрсөтсөңүздөр, президентибиз дагы алдыга кетет. Ушундай жасакерликтин айынан президенттерибиз мөөнөтүнө жетпей кетип атат".

Парламент 19-январдагы жыйынында санарип өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды.

Иманов министрдин милдетин аткаруучу болуп ушул айдын башында дайындалган жана коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын келгени талаш-талкуу жараткан. Ал буга чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Журналисттер Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун иликтеп чыгышкан.

Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.

Талантбек Иманов мындай маалыматтарга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG