Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:04

Асман шаарынын курулушуна каршылардын кыймылы түзүлдү


Асман шаарынын долбоору.
Асман шаарынын долбоору.

"Асман шаарынын курулушуна жол жок" деп аталган кыймылдын өкүлдөрү 19-январда Бишкекте жыйын өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, ага 40тай адам катышты. Анда Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирери айтылып, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экени айтылды. Мындан улам шаар куруу тууралуу долбоорду жокко чыгарууну өтүнүп өлкө жетекчилерине, башкы прокурорго кайрылуу чечими кабыл алынды.

Былтыр июль айында президент Садыр Жапаровдун ошол кездеги кеңешчиси Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусуна Асман деп аталган, жарым миллион туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялаган. Анда “экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар төрт миң гектар жерге 7-10 жылдын аралыгында курулат. Үстүнөн караганда комузга окшош болот" деп айтылган.

Өткөн жыл октябрда Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, дирекция Асман шаарын долбоорлоо жана курууда мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин жарандык коом, жеке адамдар, эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөсүн камсыздайт.

Ушул айдын башында бул дирекциянын башчысы болуп “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган ишкер Тимур Файзиев дайындалган.

Былтыр май айында Аскер прокуратурасы Файзиевге издөө жарыялаган. Ал Бишкек шаарында жер тилкелерин алууга жана мыйзамсыз курулуштарга катыштыгы бар деп шек саналып жатканы белгилүү болгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкердин бөгөт чарасын карап, камакка алууга сыртынан чечим чыгарган.

Эки айдан кийин Файзиевди сырттан камакка алуу чечими өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил каты менен камалган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG