Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Жогорку Кеңеште ПЧР-тесттин баасы тууралуу маселе көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков коронавирусту аныктаган тесттин (ПЧР) баасы жогору экенин айтты. Айрыкча башка мамлекетке кетип жаткан жарандарга оорчулук жаралганын билдирди. Депутат анализдерди алган мамлекеттик лабороторияларды, дарыгерлерди даярдоо зарылчылыгына токтолду.

Саламаттык сатоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик лабораторияларда мындай тесттин баасы 1500 миң сомдон 800 сомго чейин арзандаганын билдирди.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчысы Кеңешбай Тайлаков жеке лабораторияларда дагы бааны аразандатууга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Биздин акыркы иликтөөбүз боюнча, бул жерде эки монополист бар экен. Аларга байланыштуу иш-чараларды жүргүзүп, бааларды арзандатуу тууралуу аракет кылып жатабыз".

Министрлер кабинетинин өкүлдөрү парламенттин 19-январдагы жыйынында коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку жагдай тууралуу маалымат берип жатат.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болуп, илдет дагы 870 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (627 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 192 миңден ашты, 2838 бейтап каза болду.

Оору жуктуруп алгандардын 57си медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG