Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

ЖККУ аскерлерин Казакстандан толук чыгарып кетти


 Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан кетип жаткан учуру.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан кетип жаткан учуру.

Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу күчтөрү Казакстандан толук чыгып кетти. Бул тууралуу Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин менен миссиянын жетекчиси Андрей Сердюков 19-январда кабарлады.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Кийин ал башаламандык жана талап-тоноолор менен коштолду. Эң негизги тополоң Алматы шаарында болду.

Буга байланыштуу 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. 6-январда Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түшсө, 7-январда уюмга кирген Армения, Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү барган.

Токаев 11-январда мажилисте сүйлөп жатып уюмдун аскерлеринин негизги миссиясы аяктаганын, өлкөдөгү абал турукташып калганын айткан. Аскерлер 13-январдан баштап чыгарыла баштаган жана жараян 10 күнгө чейин созулары кабарланган.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козгону кабарланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG