Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

ДССУ: COVID-19 пандемиясы аяктады деп айтканга али эрте


Тедрос Адханом Гебрейсус.
Тедрос Адханом Гебрейсус.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус “омикрон” штаммынын ыкчам жайылышына байланыштуу билдирүү жасап, аны жуктургандар рекорддук чекке жеткенин эскертти.

Уюм жетекчиси атайын басма сөз жыйынында “омикронду” жуктургандар ооруну жеңил өткөрөрүнө алданбаш керектигин, бул адашуунун кесепети оор экенин айтты. Ал штаммдын айынан Бразилиядан баштап Францияга чейин, көпчүлүк өлкөлөрдө ооруканалар толук, жергиликтүү администрацияларга күч келип жатканын кошумчалады.

Ушул жагдайды эске алган Тедрос Адханом Гебрейсус “COVID-19 пандемиясы аяктады деп айтканга али эрте” экенин белгилеп, коронавирус менен күрөш улана берерин билдирди.

Ушул күнгө чейин коронавирустун "альфа", "бета", "гамма", "дельта" жана "омикрон" штаммдары белгилүү болгон. Соңку кезде "омикрон" кескин түрдө жайылып жатат.

Өтө тез жайылганы менен айырмалануучу "омикрон" штаммы алгач былтыр ноябрда Түштүк Африкада аныкталган, ошондон бери ондогон өлкөлөргө тарады. Кыргызстанда да бул штамм катталганы 12-январда белгилүү болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG