Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Бөлтүрүктүн тууганы алтын куймасы менен түшкөн сүрөтүн түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн бир тууган агасынын баласы Данияр Бөлтүрүков алтын куймалары менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-январда маалымат жыйында сүрөт мындан тогуз жыл мурда тартылганын айтып, анын азыр тарап жатканын "каралоо" деп атады.

Ал тоо-кен тармагында билим алганын, алгач "Макмалда", андан кийин 2010-жылы "Кумтөргө" жумушка кирип, беш жыл иштегенин билдирди. Сүрөттү ошол убакта кенге журналисттер экскурсияга келген маалда "алтын бөлмөсүндө" Павел аттуу кабарчы тартып алганын айтты. Бөлтүрүков аны Инстаграмга катталганда сакталып турсун деген ойдо жайгаштырып койгонун билдирди. Ошондой эле ал таякелеринин үйүндө чоңойгонун, атасынын иниси менен учурда жакын мамиледе эмес экенин кошумчалады.

Өткөн аптада социалдык тармактарда Данияр Бөлтүрүковдун тизилген алтын куймалары менен түшкөн сүрөтү жарыяланган жана буга байланыштуу талаш-талкуу чыккан. Кумтөрдүн алтындары "Тенгиз Бөлтүрүктүн үйүндө сакталат" деген мазмундагы сөздөр айтылган.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган жана Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Министрлер кабинети 18-январда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырылганын кабарлады.

Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG