Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Министр Баетов Нью-Йоркто Кумтөр боюнча көрсөтмө берүүдө


Кумтөр.
Кумтөр.

Юстиция министри Аяз Баетов ушул күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарында Кумтөр маселеси боюнча сотто көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу 24-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Зарема Аскарова билдирди.

"Аяз Баетов Нью-Йорк арбитраждык сотто Кумтөр маселеси боюнча көрсөтмө берип жатат. Бүгүн-эртең тогуз сааттык сурак болот", - деп билдирди Аскарова.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Былтыр сентябрда Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, "Кыргыз өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет" деп билдирген.

Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана "Кыргызалтын" ишканасына каршы токтоосуз чара көрүүнү эл аралык арбитраждык соттон өтүнөрүн жарыялады. Centerra ишканасынын беш жыл бою Кумтөр кенин башкарып келген операциялык директору Дэн Дежарден кыргыз өкмөтүн Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алууга айыптаган.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жылыш бар экенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG