Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Султанбаев: Кырдаал биздин энергетиктердин көзөмөлүндө


Эрбол Султанбаев
Эрбол Султанбаев

Энергетиктер Кыргызстандын аймагында электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

“Кырдаал биздин энергетиктердин көзөмөлүндө. Учурда Борбор Азия мамлекеттеринде электр кубатынын өчүп калышынын себеби изилденүүдө. Азыркы тапта Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясын баскыч-баскычы менен калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. Жакынкы мезгилде өлкөнүн энергосистемасы кабылына келет”, - деди Эрбол Султанбаев.

Энергетика министрлигинин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова учурда Чүй менен Жалал-Абадга электр энергиясы берилгенин билдирди. Башка аймактарга дагы этап-этабы менен берилип жатканын кошумчалады.

25-январда түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, "Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире" баштаганын билдирди.

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы Жылуулук Электр Борбору, Гироэлектр станцияларында авария болбогонун кабарлады.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы, анын артынан Бишкек, Ошто таза суу дагы өчкөнүн жазышууда.

Казакстан менен Өзбекстандын ЖМКлары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG