Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

"Жалалабатэлектро" ишканасынын мурдагы башчысы камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура электр энергиясына болгон дебитордук карыздын мыйзамсыз жоюлганына байланыштуу "Жалалабатэлектронун" жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөлдөөчү орган 2015-2021-жылдар аралыгында аталган ишкана жалпы көлөмү 114 миллион сомго жакын карызды негизсиз жойгонун билдирди.

"Бул кылмышка шек саналып ишкананын мурдагы жетекчиси М.К.А Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергеп-иликтөө уланып жатат", деп айтылат маалыматта.

Бул ишкананы 2019-жылга чейин Маматканов Кеңешбек Апсалиевич жетектеген.

"Жалалабатэлектро" облустагы 232 миңге жакын кардарга кызмат көрсөтөт жана анда 1,5 миңден ашык адам иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG