Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:04

Энергетикадагы реформа: Эки гана компания калат


"Датка-Кемин" көмөк чордону
"Датка-Кемин" көмөк чордону

Энергетика министрлиги апрелдин башында өлкөдө жылытуу мезгили аяктаганын, Токтогул суу сактагычында 7,8 млрд. куб метр суу калганын жарыя кылды.

Өткөн кыш мезгили Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн оор сыноо болду. Эми алдыда министрлик электр энергия өндүрүүчү, жеткирүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканалар ирилештире турганын жарыялап, муну тармакты реформалоо катары карап жатат.

31-мартта өткөн маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагындагы өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканалар ирилештирилип, эки компанияга бириге турганын айтты.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң ири эки эле компания болот. Бири өндүрүү менен иштесе, экинчиси, “Улуттук электр тармактары” менен бөлүштүрүүчү компаниялар биригип, Токтогул ГЭСи менен Бишкек ЖЭБинен чыккан электр энергиясын элге жеткирип, сатат. Майда компаниялардын баарын жоюу аракеттери жүрүп жатат. Эки ай ичинде бул максаттар ишке ашып, тилегибизге жетебиз”.

Өткөн жылдын ноябрында Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Концепцияда бири-биринин функцияларын кайталаган энергокомпанияларды бириктирип, ирилештирүү максаты жазылган. Ага ылайык, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабадэлектр” ишканалары “Кыргызстан улуттук электр тармагы” акционердик коомуна, ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” “Электр станциялары” акционердик коомуна бириктирилип жатат.

Министрлик ирилештирүү саясаты энергетика тармагындагы чыгымды, электр энергиясын жоготууларды азайтып, ачык-айкындуулук болот деп жазууда.

"Компанияларды ирилештирүүнүн негизинде 1 млрд. сомдон ашык каражат үнөмдөлөт. Бул каражат энергетикалык кубаттуулукту күчтөндүрүүгө жумшалат",-деди министр Бекмурзаев.

  • “Кыргызстан улуттук электр тармактары” акционердик коому - 110, 220 жана 500 кВттык чыңалуудагы улуттук электр тармактары аркылуу электр энергиясын рыноктун субъекттерине жеткирүүнү жүзөгө ашырат.
  • “Электр станциялары” акционердик коому - Кыргызстандагы электр энергиясын өндүрүүчү эң ири компания. Өлкөдөгү бардык ири электр жана жылуулук станциялары ага карагандыктан, электр энергиянын 98 пайызын ушул компания өндүрөт.

Реформаны сынга кабылган "Энерохолдинг" ишке ашырууда

Бириктирилип жаткан компаниялардын баары 2001-жылы “Кыргызэнерго” ачык акционердик коомунан бөлүнүп чыккан. Ал кездеги реформалардын алкагында бул ишкана өз алдынча сегиз структурага бөлүнгөн.

2016-жылы Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, анын базасында “Улуттук энергохолдинг” компаниясы түзүлүп, ага бардык ишканалар баш ийдирилген.

Өкмөт бул жаңы түзүм энерготармакты башкарууну натыйжалуу жана ыкчам кылат, каржылык чыгымдарды кыскартып, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтат деп ишендирген.

Бирок, 2018-жылдан бери “Улуттук энергохолдингдеги” коррупциялык көрүнүштөр жана ишмердигинин натыйжасыздыгы тууралуу сындар айтылып келет. Парламентте компаниянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп таап, жоюу талабы бир нече жолу коюлган.

Ага карабай, азыркы реформалык иштерди “Улуттук энергохолдинг” жүргүзүүдө. Министр азыркы иштер аягына чыккандан кийин бул ишкананын өзүнүн маселеси каралып, министрликтин функциялары менен бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин кайталабаган, башка формада иштеген компанияга айланарын айтты.

Реформага сын жана колдоо

Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев азыркы реформалар энергокомпанияларды банкротко (кудуретсиздикке) кептейт деп эсептейт. Анын айтымында, “Улуттук энергохолдинг” бириктирүү саясатын ишке ашырганда алдыга карай так эсептөөлөрдү жасаган эмес жана башка акционерлерге басым көрсөткөн.

“Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, Ошэлектр” жана “Жалалабадэлектр” бөлүштүрүүчү компаниялары акыркы мезгилде киреше алып келип жаткан. “Түндүкэлектр” акционердик коому 2021-жылдын жыйынтыгы менен 204 млн. сом киреше алып келген. “Улуттук электр тармактары” жыл сайын 3-4 млрд. сом чыгаша менен иштейт. “Электр станциялары” болсо жыл сайын 5-7 млрд. сом чыгаша менен чыгат. Чындыгында, азыркы кылып аткан реформа чийки. Экономика жагынан да, техникалык жактан да эч кандай эсептөөлөр жок. Булар жөн эле “реформа кылып атабыз” деп дүрбөлөң кылып атат”.

“Улуттук энергохолдинг” акционердик коому “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, Ошэлектр” жана “Жалалабадэлектр” бөлүштүрүүчү компанияларынын 81% акциясына ээлик кылат. Калган 13% Соцфондго караса, 6% жеке акционерлердин колунда.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев 1998-жылы Кыргызстандын энергетика тармагы Орусияга, Казакстанга окшогон чоң-чоң энергосистемалардын үлгүсү менен түзүлүп калганын сынга алды. Кыргызстандай чакан өлкө үчүн энергетиканы акционерлештирип бөлүштүрүү керек эле деген ойдо.

"Азыр бөлүштүрүүчү компанияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагына” бириктирүү туура. Антени, бул ишкана энергияны алып келип, керектөөчүгө чейин жеткирбейт. Буга чейин ал өзү өнүгүп жатканы менен, бөлүштүрүүчү компаниялар артта калып жаткан. Баары бирдей өнүкпөсө, керектөөчүгө жеткирүү оор болуп калат. Экинчи жагынан, “Бишкекжылуулуктармагын” “Электр станцияларына” кошкону да туура. Жылуулукту керектөөчүгө чейин жеткирген да, саткан да ушул мекеме. Убагында буларды бөлүп жиберип, уюмдук структурасы өтө чоңоюп кеткен”, - дейт Султаналиев.

Электр энергиясын бөлүштүрүп, керектөөчүгө чейин жеткирүү тармагында мурда 29 жеке компаниялар иштеп келген. Министрликтин маалыматында, учурда алардын дээрлик жарымы калды. Көмөк чордондорун, электр чубалгыларын куруп, энергетика тармагына инвестиция салган бөлүштүрүүчү компаниялар иштеп жатат. Министр жайга чейин бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын саны дагы бир топ кыскарып, ондон азы каларын айтты.

Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө боюнча коомдук институттун жетекчиси Эрнест Карыбеков энергокомпанияларды бирдиктүү улуттук тармакка бириктирип, сууну товар катары сатуу тажрыйбасын өнүктүрүүнү сунуштайт.

Эрнест Карыбеков, Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө институтунун жетекчиси
Эрнест Карыбеков, Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө институтунун жетекчиси

“Бул долбоорду биз 2012-жылы сунуштап, баарын бириктиргибиз келген. Бирок Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк каршы чыкпасын деп эки компания түзүү оюбуз бар болчу. Убакыт өтүп атат, биз ал кезде аргасыз ошол сунушту бергенбиз. Ал долбоор азыр бир топ эскирди. Азыр булар ошол биз сунуштаган долбоорду кармап алып эле, “реформа жасап жатабыз” деп атышат. Бул жарым-жартылай болуп жатат. Улутташтырып, бир тармак кылыш керек. Азыр ыңгайлуу мезгил. Эч ким каршы болбойт. Бүт дүйнө жүзү компанияларды улутташтырганга барат. Антпесе экономикасын башкара албай калат. Улутташтырса директорлор кеңеши, корпоративдик башкаруу деген жок болот. Азыр эки компанияга бириктирип, 1 млрд. сом үнөмдөдүк деп жатышат. Улутташтырса, 8 млрд. сом киреше түшөт. Анткени, жеке менчик ортомчулардын баары жоюлат”.

25-январда бүткүл Борбор Азияда чоң энергетикалык коллапс болуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыктан, Кыргызстан энергошакекчеден убактылуу чыга турууга мажбур болгон.

Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.

Өкмөт энергетика тармагындагы 136 млрд. сом карызды Каржы министрлигине өткөрүп берүүнү чечкени кабарланды. Муну менен Энергетика министрлиги карыздардан кутулуп, өнүгүүгө багытталган ири долбоорлорду аткара баштаарын билдирүүдө.

Быйыл июнь-июль айларында Камбар-Ата-1 ГЭСи курула баштайт. Инфраструктуралык курулуштарды баштоо үчүн 20 млн. доллардай каражат каралган. Коңшу өлкөлөргө ГЭСти курууга катышуу сунушу берилген.

Өткөн кыш мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы оор кырдаалдан улам өкмөт электр энергиясын чектеп берүүгө аргасыз болду. Энергетика министрлиги өткөн жылдын 1-ноябрынан баштап бир фазалуу колдонуучуга 5 КВтка чейин, үч фазалуу колдонуучуга 10 КВтка чейин чектөө киргизген.

Буга кошумча коңшу өлкөлөрдөн да электр энергиясы импорттолду. Мындай чектөөлөр өкмөттүн кышка даярдыгына жана энергетика тармагынын ишине сынды күчөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG