Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөт электр станция кургандарга жеңилдик берүүнү көздөп жатат


Киров суу сактагычы.
Киров суу сактагычы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте энергетика маселеси талкууланган жыйында Кыргызстанда чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик каралганын билдирди.

“Салык кодексинде күндүн нуру же ГЭСтерге алып келе турчу жабдыктарга бардык салыктарды алып салдык. 15 жылга чейин жеңилдик берип жатабыз. Кура тургандар болсо электрди сатып алалы деп жатабыз. Сатып алганда дагы сом менен эмес, эгерде инвесторуңар же насыяңар доллар менен болсо, анда биз доллар менен сатып алганга даяр экенибизди моюнубузга алдык. Атайын фонд түзүп жатабыз”, - деди Жапаров.

Жапаров бийлик 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке берүү зарыл экенин белгиледи. Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 электр энергия чыгаруучу объектилерин курууга сертификаттар берилди. Алардын жалпы кубаттуулугу 300 мегаваттка жакын электр энергиясын түзөт. Бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталды. Алар «Бала-Саруу» - Талас облусунда (25 мегаватт), «Орто Токой» – Нарын облусунда (21 мегаватт), «Кара-Көл» - Жалал-Абад облусунда (18 мегаватт).

Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% ашыгын өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG