Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Мадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты


Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров
Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мадумаров “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, муну “жүз пайыз саясий иш” деп атады.

Депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.

Мыйзамга ылайык, башкы көзөмөлдөөчү органдан кайсы бир депутатты жоопко тартууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч келип түшсө, Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде жыйынга чогулуп, депутаттык комиссия түзүлөт.

Жыйында айрым депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдун келишин талап кылышты жана башкы көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчүн сынга алышты.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

Мадумаров: Мага “Чыккынчылык" беренеси менен иш козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG