Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Депутат Түлөбаев Мадумаровдун иши боюнча президентке кайрылды


Балбак Түлөбаев. Архив сүрөт.
Балбак Түлөбаев. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровдон чек ара протоколу боюнча маселе көтөрбөөнү суранды.

Түлөбаев 10-февралда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү талкууланган жыйында сүйлөп жатып, өткөндөн сабак алууга чакырды.

“Талант Турдумаматович, сиз дагы куугунтук көргөнсүз, Исхак Абсаматович дагы куугунтук көргөн, ажобуз дагы, Камчыбек Кыдыршаевич абакта жаткан. Мындан сабак алабызбы? Протокол боюнча “пандоранын жащигин” ачпагыла. Эртең бирөөлөрдүн башына тийет. Садыр Нургожоевичти дагы бирөөлөр бир жакка алып бара жатат. Ишенбеңиз, протокол чатак!” – деди депутат.

Бүгүн парламентте Башкы прокуратуранын өтүнүчүнөн кийин Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.

Мыйзамга ылайык, башкы көзөмөлдөөчү органдан кайсы бир депутатты жоопко тартууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч келип түшсө, Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде жыйынга чогулуп, депутаттык комиссия түзүлөт.

Жыйында айрым депутаттар башкы прокурор Курманкул Зулушевдун келишин талап кылышты жана башкы көзөмөлдөөчү органдын өтүнүчүн сынга алышты.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары бир нече жолу сурак берген. Депутат муну бийликтин басымы катары баалаган.

Саясатчы 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Ошол кезде Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырган. Бул иш боюнча Мадумаров менен Малайзиядагы элчи Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын айтып келет.(TSh)

XS
SM
MD
LG