Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Акылбек Жапаров "Камбар-Ата" ГЭСтери боюнча иш башталарын билдирди


"Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
"Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте энергетика маселеси талкууланган жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, 2022-жылы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталарын билдирди.

“Суу энергетикалык ири долбоорго коңшулардын кызыгуусу күч. Кандай болгон күндө дагы быйыл баштайбыз. Курулуштун биринчи баскычы инфратүзүм жана аянтчалар. Анын алдында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке беребиз. Евразия өнүгүү банкы менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычы бүтүп жатат. Жакында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү башталат деп үмүт кылып жатам”, - деди Жапаров.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата 1 боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында "Камбар-Ата-1" ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.

2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген. Буга чейин анын экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылай турганы кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG