Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Депутат Кожокулова активисттерди кылмышкердей кармоо тажрыйбасын токтотууга чакырды


Гуля Кожокулова.
Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы адам укугун бузуу деп эсептейт. Кожокулова парламенттин 10-февралдагы жыйынында Ураимов сыяктуу активист, блогерлерди жөн жерден кармоо күчөдү деп сындады.

"Укук коргоо органдары аларды коркунучтуу кылмышкер, кылмыштуу топтун мүчөсү сыяктуу кармап жатышат. Эгерде блогерлерге ушундай мамиле кылсак бул укуктук башаламандыкка алып келет", - деди Гуля Кожокулова.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG