Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Депутат бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштады


Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштады.

Депутат 10-февралдагы парламент жыйынында V чакырылышта аталган маселе боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганын белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин айтты.

“5-чакырылышта комитеттеги экинчи окуудагы каралган мыйзамды кайра көтөрүп чыгууга протоколдук тапшырма берсеңиз. Ошол депутаттардын ичинен кайра мен депутат болуп келдим. Каалоочулар болсо кошулгула”, - деди Нарматова.

2021-жылы июль айында президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.

Бейөкмөт уюмдар бул мыйзам алардын эркин ишмердик жүргүзүшүнө каршы багытталганын белгилешүүдө. Эл аралык коомчулук дагы тынчсыздануусун билдирип чыккан. Бул мыйзам долбоорyн VI чакырылыштын депутаттары кабыл алган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам кабыл алынган эмес.

Өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүдө бейөкмөт уюмдардын ролу чоң экенин парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү да айтып келишет.

2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда да Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети болуп, ишке ашкан эмес. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG