Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Депутат өкмөттү Кумтөр кенине байланыштуу сындады


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Кумтөр кени боюнча маалымат бербей жатканын сындады. Эл өкүлү 10-февралдагы парламент жыйынында алтындын сатылышы, каражат боюнча маалымат бериши керек экенин белгиледи.

"Кумтөр боюнча Акылбек Жапаровго кайрылдым. Канча алтын өндүрүлдү, канча алтын сатылды, канча алтыныбыз бар, канча алтын Улуттук банкка коюлду? Ушул тууралуу маалыматты элге берейин дегем. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Элден, депутаттардан жашырган маалымат бар экен деп ойлоп калдым. Кыргызстандын алтынын бөлтүрүк менен карышкырга кайтартып жатыптыр деп ойлодум. Элдин арасында Акылбек Жапаров жөнүндө сөздөр көп", - деди Токторбаев.

18-январда Министрлер кабинети “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн 2021-жылдагы иши тууралуу отчетун жактырган. Отчетко ылайык, былтыр 14 миң 561 килограмм алтын өндүрүлгөн. Ишкана жыл башынан бери салык жана милдеттүү төлөмдөргө 13,6 миллиард сом которгон. Мындан улам төлөм 150% көбөйгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн дүң кирише 856 миллион доллар болгон, анын 621 миллиону ишканага тышкы башкаруу киргизген учурда алынган.

“Тенгиз Бөлтүрүк быйылкы жылга карата пландары менен бөлүштү. 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү каралып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Жарым жылдан кийин "Центерра" кен Кыргызстанга өткөн соң алтын казуу азайып кеткенин билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылдан тартып көрө баштарын, январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонуп жатканын айткан.

Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG