Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Өзбекстан январь окуяларына айыпталган жарандан улам Казакстанга нота жөнөттү


Алматы администрация имараты. 5-январь, 2022-жыл
Алматы администрация имараты. 5-январь, 2022-жыл

Өзбекстандын Алматыдагы башкы консулу январь окуяларына айыпталган өзбек жараны Сакен Талиповдун кармалышына байланыштуу Казакстанга нота жөнөттү.

17 жаштагы Талипов былтыр күзүндө Казакстанга апасына барып, Алматы шаарындагы турак жай комплексинде түнкү кароолчу болуп иштей баштаган. Жакындарынын айтымында, ал 4-январда тынч митингге барып, башкалар менен кошо акимчиликтин имаратына чейин жеткен. Видеодо ал полициянын союлун жана калканын жерден көтөрүп алганы көрүнүп турат. Февралдын башында Талиповду адегенде эки айга кармашкан. Ага "жапырт башаламандыктарга катышуу", "өзгөчө абал жарыяланган аймакта тартип коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу аракети" үчүн айып тагылган. Адвокаты айып негизсиз деп эсептейт.

Энеси уулунун абалы начарлаганын, кыйноого кабылышы мүмкүн экенин айтууда.

Казакстанда жыл башындагы кандуу окуяларга байланыштуу ондогон чет өлкөлүк жаран кармалган. Казак бийлиги тополоңдорду чет өлкөлүктөр уюштурганын, эмгек мигранты деген аталышка жамынып, "согушкерлер" өлкөгө атайын келгенин бир нече курдай айтканы менен, эч кандай далил келтирген эмес.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Казакстандын Тараз шаарында эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Музыкант Рузахунов жана Алматыга барып-келип иштеген Чолпонбек Сыдыков январдын башында Казакстандагы башаламандык учурунда казак полициясы тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган. Бир нече күндөн кийин кыргыз бийлиги жана активисттердин талабы менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG