Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Акыйкатчы: Таразда эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар


Алматы шаарындагы прокуратура.
Алматы шаарындагы прокуратура.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Казакстандын Тараз шаарында эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар экенин билдирди.

Алар - Талгат Темиркан уулу Казакстандагы январь окуялары боюнча жана Руслан Иманкулов чек араны мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

10-февралда алардын ишине байланыштуу Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тараз шаарында Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен жолугат.

Омбудсмендин жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү 9-февралда Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен кезикти.

Жолугушууда Ауганбаев Алматыда кармалып, кийин мекенине коё берилген Кыргызстандын жарандары Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтты.

Музыкант Рузахунов жана Алматыга барып-келип иштеген Сыдыков январдын башында Казакстандагы башаламандык учурунда казак полициясы тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган. Бир нече күндөн кийин кыргыз бийлиги жана активисттердин талабы менен бошотулган.

Жыл башында коңшу өлкөнүн Мангыстау облусунда тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып кеткен. Кээ бир жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон.

Расмий маалыматка ылайык, кандуу окуяларда 227 киши каза тапкан. Бирок укук коргоочулар бул сан мындан көп экенин айтып келишет.
(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG