Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Парламентте Байсаловго чара көрүү демилгеси кайра көтөрүлдү


Эдил Байсалов жана Жеңишбек Токторбаев. Коллаж.
Эдил Байсалов жана Жеңишбек Токторбаев. Коллаж.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев парламентте Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду тартипке чакыруу маселесин кайра көтөрдү. Ал Байсаловдун Жогорку Кеңеш тууралуу айткан соңку пикирлерин сынга алып, “депутаттарды шылдыңдады” деп айыптады.

“Эдил Байсаловду чакырып тарбиялык иш алып барып, айтып койбойсуңарбы. Чыгып алып эле “Акылыбыз көп. Өкмөттүн мүчөсү Акылбек Жапаров” дейт. Акылбек Жапаровдун кандай акылы бар экенин билебиз”, - деди Токторбаев.

Эдил Байсалов 2-февралда “Марал FM” радиосуна курган маегинде Жогорку Кеңеш тууралуу пикирин билдирген. Ал парламенттин VII чакырылышында тажрыйбалуу депутаттар бар экенин, бирок жалпы курамы сапатсыз экенин айткан. Айрым маселелер боюнча депутаттар маалымат алуу үчүн өкмөттүн көп убактысын алып жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун бул сөздөрүнө каршы пикирлерин билдирип, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарын кызматтан алууга чейинки сунуштарды берген.

4-февралда Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын-дооматты талкуулашкан. Байсалов алар бул маселеде өз ара түшүнүшкөнүн жана анын кыргызча маегинин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG