Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:46

Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү


Мирлан Ураимов.
Мирлан Ураимов.

Жогорку Кеңештин 9-февралдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров партия мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча маселени көтөрүп, укук коргоо органдарынын ишин сынга алды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Ураимовду үйүнөн бала-чакасынын көзүнчө кармап кеткенин айтты.

“Ал качпайт, кетпейт эч жакка. Суракка чакырса убагында барат. Ушул практиканы токтотпойсуңарбы! Же бул бир кишинин мисалында башкаларга ишарат берүүбү, коркутуубу? Түн киргенде барып баса калып кармаган практикага качан келип калдык? Кыргызстанда мындай болчу эмес эле го. Өзүнүн пикирин айтып койгон кишини жасалма жол менен баса калган болбойт. Ураимовго тагылып жаткан күнөөлөрдүн бир да пайызы жукпайт”, - деди Мадумаров.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG