Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов башкарат


Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлдү.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлдү.

Клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме документ иштери даяр болгонго чейин директордун милдетин аткаруучу болуп буга чейин Гулия Кожокматова дайындалганын билдирди. Бирок Травматология жана ортопедия илимий борборунун аты өзгөртүлүп, Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлган.

4-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Ошондой эле борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келатат. 5-февралда буга каршы бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG