Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Асановдун сотунда мурдагы министрди мажбурлап алып келүү сунушталды


Кашкар Жунушалиев атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери менен. 8-август, 2019-жыл. Кой-Таш.
Кашкар Жунушалиев атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери менен. 8-август, 2019-жыл. Кой-Таш.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-февралда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантты. Бул тууралуу иш боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ал сотто мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүүнү сунуштады. Токтакунова Асановдун ишинде Жунушалиев негизги күбө экенин белгилеп жатат:

“Кашкар Жунушалиев келбей жатат. Мен мажбурлап алып келүүнү сунуштадым. Соттогулар мажбурлап алып келүү үчүн ал чакырылганы жөнүндө кабардар болушу керек дешти. Анын жашаган жерин таппай жатышыптыр”, - деди жактоочу.

2019-жылы 7-августта суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын УКМКнын төрагасынын ошол кездеги башчысы Орозбек Опумбаев атайын даярдыктагы “Альфа” ыкчам тобунун аскерлери менен башкарган. Ал операциясы ийгиликсиз аяктап, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болгон, алты жоокер барымтада калган. 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Атамбаевди кармоо операциясы 8-августта дагы уланып, аны Кашкар Жунушалиев башкарган Ички иштер министрлиги өткөргөн. Ал күнү Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго колго түшүп берген.

Кой-Таштагы окуядан кийин Асанов жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголгон. Ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Саясатчы жана анын тарапкерлери муну саясий куугунтук катары мүнөздөп келет.

2021-жыл февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген.

Бийликтин алмашуусуна алып келген октябрь окуяларынан бери ал экөөнүн кайда экени белгисиз. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG