Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:15

Бишкекте "Түндүк" райондук электр тармагы ишке берилди


Бишкекте “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди.
Бишкекте “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди.

Бишкек шаарында 8-февралда жаңы “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. "Түндүк" райондук электр тармагынын курулушу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлдү.

Ал Дэн Сяопин, Фучик, Жибек-Жолу проспектиси, Профсоюзный көчөлөрү чектешкен жерди жана Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Жаңы райондук электр тармагынын тейлөөсүндө жалпы 50 миңден ашык абонент бар.

Президент жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, 1-апрелден тарта мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин жана энергетиктердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG