Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:56

УКМК Ураимов бийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кармалганын билдирди


Мирлан Ураимов.
Мирлан Ураимов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызмат 9-февралда тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде 8-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеме жарандарды өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, Конституцияга каршы чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырды.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары 8-февралда анын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат.

Мирлан Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG