Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты


Композитор Жылдыз Малдыбаева.
Композитор Жылдыз Малдыбаева.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 8-февралда билдирди.

Маркумдун санаалаштары анын коронавирустан каза болгонун маалымдашты.

Жылдыз Малдыбаева Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы композиторлордун бири. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги наамдарын да алган, “Даңк” медалынын ээси.

Ал 1946- жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

“Биздин мезгил”, “Арноо”, “Манас келди”, “Рахмат турмуш”, “Бишкек”, “Ысык-Көл” деген лирикалык, патриоттук ырларды жараткан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепиано үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончел, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү.

Малдыбаева СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев менен Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG