Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Жаңы-Өзөндө жумушсуздардын нааразылык акциясы уланды


Жумушсуздардын акциясы. Жаңы-Өзөн шаары. 3-февраль, 2022-жыл
Жумушсуздардын акциясы. Жаңы-Өзөн шаары. 3-февраль, 2022-жыл

8-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында жумушсуздар нааразылык акциясын улантышты. Алар менен Маңгыстау облусунун аким орун басары, "КазМунайГаз", "Өзенмунайгаз" компанияларынын өкүлдөрү жолугушту.

Жумушсуздар эч кандай комиссия менен келишим түзбөй турганын, иш менен камсыз кылууну гана талап кылышарын айтышты. Бул тууралуу жарандык активист Серик Бактыбайулы соцтармактарда билдирди.

Нааразылыкка чыккандар мунай компаниялары аларды ортомчусу жок, түз жалдап алууга тийиш экенин белгилешет. Шейшембинин кечинде облус акимчилиги Жаңы-Өзөндө калкты жумушка орноштуруу комиссиясы түзүлгөнүн билдирди.

31-январдан бери шаар тургундары мунай тармагына орноштурууну талап кылып акимчиликтин жанына чогулуп жатышат.

160 миң калкы бар Жаңы-Өзөндө жумушсуздук эң курч маселелердин бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG