Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Француз жана украин президенттери Минск келишимдерин талкуулады


Владимир Зеленский менен Эммануэл Макрон. Киев, 8-февраль 2022-жыл
Владимир Зеленский менен Эммануэл Макрон. Киев, 8-февраль 2022-жыл

Киевде шейшембиде Украина жана Франция президенттери сүйлөшүү өткөрдү. Владимир Зеленский француз лидерине Украинанын суверенитетине жана реформаларга көргөзгөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын айтты. Эммануэл Макрон Париж Украинанын эркиндикке жана демократияга умтулуусун, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоорун билдирди.

Француз президентинин айтымында, Зеленский анын өлкөсү Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууну максат кылган Минск келишимдерин аткарууга даярдыгын быштыктады. Макрон ал документтерди түрдүүчө чечмелесе болорун, бирок орток пикир табуу үчүн конкреттүү кадам жасоого чакырды.

Ал 10-февралда Берлинде "Норманд төртилтигине" кирген мамлекеттердин өкүлдөрү жолугушарын айтты. Төртилтикке Орусия, Украина, Германия жана Франция кирет. 2015-жылы кол коюлган келишимдерге ылайык, орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймактар Киевге кайтарылууга тийиш. Бирок бул үчүн бир катар шарттардын аткарылышы зарыл.

Президенттердин 8-февралдагы жолугушуусунан кийин эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу бир нече келишимге кол коюлду.

Макрон Киевге чейин Москвада орус лидери менен 5 сааттай сүйлөшкөн. Жетекчилер негизинен Украина менен Орусиянын чек арасындагы кризистен чыгуу жолдорун талкуулашкан.

Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө чабуул коюну пландоодо деп шектенип келатат. Орусия мындай айыптоону четке кагып, өз куралдуу күчтөрүн өлкө ичинде каалагандай которуштура аларын айтууда. Ошол эле маалда аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Асыресе Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG