Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

"Кактус медианын" алдында акция өтүүдө


"Кактус медианын" алдына чогулгандар, 9-февраль, 2022-жыл.
"Кактус медианын" алдына чогулгандар, 9-февраль, 2022-жыл.

Бүгүн, 9-февралда "Кактус медиа" басылмасынын алдында экинчи ирет акция өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу баштаган бир нече адам катышууда.

Акцияга чогулгандар 2012-жылы Турсунбай Бакир уулу сунуштаган "чет элдик агенттер" боюнча мыйзамды кабыл алууну жана "Кактус медианы" жоопко тартууну талап кылышууда.

28-январда бул басылманын алдында дагы бир акция өткөн. Ага чогулгандар Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты "Кактус медиа" жарыялаганы үчүн жоопко тартууну талап кылышкан.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Жазык кодексинин 407-беренеси ("Согушту пропагандалоо, бир өлкөнүн атынан башка бир өлкөгө аскерий кагылышууга жол аччу агрессиялык идеяларга адамдарды чакыруу") менен кылмыш ишин козгоп, "Кактус медианын" бардык кызматкерлери суракка чакырылган.

Окуяларга байланыштуу өлкөдөгү медиа эксперттер, укук коргоочулар басылманы коргоп билдирүү таратышкан. "Медиа Полиси" институту ички иштер министри Уланбек Ниязбеков менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына массалык маалымат каражаттарында иштегендердин коопсуздугун камсыз кылууну суранган кайрылуу жолдогон. (BCh)

XS
SM
MD
LG