Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Өкмөт азык-түлүк импортуна көз карандылыкты моюнга алды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат. Социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.

Өкмөт Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын бардык түрүн үч жылда 85% жеткирүүнү пландоодо. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатканын билдирген.

Бул багыттагы ишкерлер өздөрү билип эле кирешелүү бизнестерге ооп кетишкенин айтышууда.

Кыргызстан өзүн картөшкө (123%), сүт (132%) жана жашылча менен камсыздай турганын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.

“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз. Биз 80-85% көлөмдөн кем эмес негизги тогуз азыкты камсыз кылышыбыз керек”.

Кыргызстан ундун, буудайдын басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат. Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жыл ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.

Министрдин айтымында, өткөн жылы дээрлик 54 миң гектар жер пайдаланылбай калса, 2022-жылы муну 47 миңге кыскартуу пландалууда.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов азык-түлүк коопсуздугу тамак-аштын бардык түрү жетиштүү көлөмдө өндүрүлүп жана баасы аша чаппаган учурда гана камсыздала турганын белгиледи.

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

"Сиз тогуз эле позиция боюнча 2024-жылга чейин деп айтып жатасыз. Мындай болбойт. Эгер сиз узак мөөнөттүү программаңыз менен тааныштырганы келсеңиз анда азыктардын бардык түрү боюнча түзүш керек. Бул системалуу болуш керек. Бул жакка, тигил жакка деп өзүнчө бөлгөнүңүз болгону бизнес, коммерция. Бул мамлекеттик программа эмес. Биринчиден, бул эч кандай финансылык программалар, механизмдер менен бекемделген эмес. Мисалы ирригация, үрөнгө 1,5 млрд. сом бөлүндү деп айтып жатасыз. Бул жетеби? Муну сиздер сатып алып жатпайсыздарбы, биз өндүргөн жокпуз да".

Министрлер кабинети өткөн жылы буудай, ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртканы экспорттоого тыюу салууга аргасыз болгон. Ошол эле маалда кант, өсүмдүк майы жана эт импорту кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган. Мындан сырткары азык-түлүк корун түзүү үчүн жазында 1 миллион литр өсүмдүк майын жана үч миң тонна кумшекер алууга бюджеттен 300 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Орусиядан 70 миң тонна ун алуу үчүн 1 миллиард сом каралган.

Эл өкүлү Айбек Алтынбеков колдо бар ресурстар пайдаланылбай жатканын сындады.

"Суу май боюнча Сузак районунда күн караманы иштете турган жаңы завод турат. Ал суткасына 200 тоннадан иштетип чыгарат. Бирок сырьё жок болуп жатат. Субсидия же насыяны ошол жакка карайсыздарбы, Базар-Коргон, Өзгөн, Кара-Сууда кайрак жерлерге күн карама эгүү боюнча саясатты жүргүзө турган болсок, өсүмдүк майы менен камсыздоо 20 пайыздан 50-60% көтүрүлүп калат беле", - деди эл өкүлү.

Министр Аскарбек Жаныбековдун белгилешинче, быйыл Орусиядан сафлор, соя жана күн караманын үрөнү алынып келинет.

Айыл чарба тармагы боюнча адис Манас Саматов Кыргызстанда социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн тогуз эмес, 20дан ашуун түрүн өндүрүү мүмкүн деп эсептейт. Бул үчүн импорттолгон азыктардын санын кыскартып, ата мекендик фермерлерге жол ачууну сунуштап жатат. Ал эми кумшекер өндүрүшүнүн кыйла азайышын мындайча түшүндүрдү:

Манас Саматов.
Манас Саматов.

"2018-жылы биз өзүбүздү өзүбүз кумшекер менен толук камсыздап, адашпасам сыртка 19 миң тонна экспорт кылганбыз. Ошол жылы 18 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Бирок булар сырттан көп көлөмдө кумшекер алып келип, канттын баасы кескин түшүп кеткен. Дүкөндө чекене баасы килограммына 33 сомду түзүп калган. Ошондо кызылча айдаган фермерлер банкрот болуп, кийинки жылы айдабай коюшту. Кийинки жылы кызылча аянты 16 миң гектар, анан 8,4 миң гектарга түшүп кетти. Эгер биз 15 миң гектар жерге кызылча айдасак ички керектөөгө жетмек".

Буга чейин президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатканын айткан.

Мамлекет башчы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык азыктар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керектигин, мамлекеттик материалдык резервдеги тамак-аш кору калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш экенин белгилеген.

Өлкө башчысы бул багыттагы көйгөйлөр катары агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруу, кургакчылыктын айынан сугат суунун тартыш болушу, мелиорациядагы көйгөйлөр, сыяктуу мисалдарды келтирген.

Кыргызстандык дагы бир фермер Марат Мүсүралиев Кыргызстан 100 пайыз азык-түлүк менен өзүн камсыздай албайт деген ойдо. Мисалы буудайды алганда жердин түзүлүшү, үрөндүн сапаты, баасы, көлөмү жагынан Кыргызстандын дыйкандары Казакстанга атаандаша албайт деп эсептейт.

"Дыйкандардын көбү азыр мал чарбасына өтүп кетти. Мисалы, Чүйдө жумушту көп талап кылган, бирок акча жагынан кирешелүү малина, кулпунай же помидор, бадыраң өстүрүүгө өтүп кетишти. Мындан сырткары көптөрү малга тоют катары арпа камдап жатат. Мисалы мен дагы убагында буудай өстүрчү элем, азыр кескин азайды. Дээрлик эч ким деле буудай экпей калган. Ошондуктан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу абдан кыйын".

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки калктын экономикалык, социалдык абалын талдап чыккан. Анда коронавирус пандемиясына байланыштуу көп үй-бүлөлөр жумушсуз калып, киреше булагын жоготкону белгиленген.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико азык-түлүк коопсуздугу бул өлкөнүн бардык жарандарынын (физикалык, социалдык жана экономикалык жактан) коопсуз, жеткиликтүү жана ден соолукка пайдалуу тамак-ашка жетүү мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул азыктар жергиликтүү элдин дасторконуна ылайыкталган жана сергек жашоо үчүн элдик диеталык муктаждыктарын канааттандырышы керек. Бул дыйкандын талаадагы ишинен тарта дасторкондогу табакка чейин жеткирген система аркылуу түзүлгөн туруктуу азык-түлүк системасы аркылуу мүмкүн болот жана бул калктын аялуу катмарынын муктаждыктарын дагы канааттандыра алат.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико.

"Эл аралык тоолор жылында азык-түлүк коопсуздугуна негизги көйгөй болгон климаттын өзгөрүүсүнө олуттуу көңүл буруу зарылчылыгы чыкты жана бул туруктуу азык-түлүк системасына дагы өзгөчө көңүл буруу керек экенин көрсөттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы келечектеги муундардын азык-түлүк муктаждыктарына кедергисин тийгизбестен, бүгүнкү күндөгү тамак-ашка жана туура тамактанууга болгон муктаждыктарды канааттандыруу үчүн табигый, социалдык жана экономикалык системаларды калыбына келтирүүгө маанилүү салымын кошкон туруктуу азык-түлүк системаларды бекемдөөдө өкмөттү колдоп келет. Өлкөдөгү аялуу катмардын азык-түлүк коопсуздугуна көңүл бурган жана бул жарандарга колдоо көрсөткөн өкмөттүн социалдык коргоо долбоорлору дагы абдан маанилүү".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021-жылы калкка керектүү азыктардын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу кыйла төмөн болгон. Бул албетте азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизди.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жүргүзгөн изилдөөдө 2021-жылы азык-түлүктүн баасы, анын ичинде эт, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктарына болгон баа 18,8% кымбаттаган. Изилдөөдө мындан улам эл жашылча-жемиш сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер баштаган калориялуу азыктарга басым жасап калышканы айтылган эле.

Өкмөт бааны ооздуктай алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:41 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG