Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Быйыл Бишкекте дүйнөлүк тоо саммити өтөт


Кумтөр кенине жакын жайгашкан Петров мөңгүсү.
Кумтөр кенине жакын жайгашкан Петров мөңгүсү.

Кыргызстанда тоолор жылынын алкагында тоо саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов кабарлады.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда "2022-жылды тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо" тууралуу жарлыгынын алкагында өлкөдө бир катар иш чаралар өтмөкчү.

“Азыркы күндө климат өзгөрүп, мөңгүлөр ошол себептен ээрип, анын мааниси актуалдуу болууда. Кыргызстандын мөңгүлөрү биз үчүн эле эмес, Борбор Азия үчүн маанилүү бойдон калууда. Ошондуктан мөңгүлөрдү коргойлу деп ушул жылы чоң иш-чараларды өткөрүү пландалууда”, - дейт Темиркулов.

Эл аралык тоо саммитин өткөрүүдөн тышкары тоолор жылынын алкагында өлкөдө бак тигүү акциялары да пландалууда.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо, тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялаган жарлыкка 3-февралда кол койгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG