Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Башкы прокурор: Былтыр балдарга карата 1827 зомбулук иши катталды


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Кыргызстанда 2021-жылы аялдарга жасалган кылмыштар боюнча укук коргоо органдары тарабынан 9800 сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда басма сөз жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, 1728 иш сотко өткөрүп берилди. 5396 иш кыскартылса, 2676ы тергөөдө.

Башкы прокурор балдарга карата зордук-зомбулук боюнча да маалымат берди. Ага ылайык, былтыр балдарга каршы жасалган зомбулукка байланыштуу 1827 иш катталды. Анын 986ы кыскартылып, 13 иш бир ишке бириктирилген. 411и сотко жөнөтүлсө, 417 иш тергөөдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйгөнүн билдирди.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына бир жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG