Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

"Талибан" Женевада гуманитардык жардам маселесин талкуулайт


Жер которгон оогандар. Кабул, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Жер которгон оогандар. Кабул, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

"Талибан" кыймылынын делегациясы Женевада гуманитардык жардам маселесин талкууламакчы. Алар Кызыл чырым уюмунун, Швейцариянын жана Европанын расмий өкүлдөрү менен жолугушат. Бирок, Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги "делегациянын келиши расмий Берн Ооганстандын талибдер жетектеген өкмөтүн тааныйт дегенге жатпасын" баса белгиледи.

Согушкер кыймыл былтыр августта Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин каатчылыкка, гуманитардык абалдын начарлашына карабай эл аралык жардам дээрлик токтоп калган.

Geneva Call деген бейөкмөт уюм уюштурган жабык конференцияда Ооганстанга гуманитардык жардамды көбөйтүү маселеси сөз болмокчу. Уюмдун айтымында, жыйын “гуманитардык нормаларды” сактоону жакшыртууга салым кошмкочу. Бирок алардын билдирүүсүндө талибдердин тушунда Ооганстандагы кыз-келиндердин укуктары бузулуп жатканы тууралуу айтылган жок.

Өткөн айда “Талибандын” делегациясы Норвегияда да гуманитардык жардам маселесин жабык эшик артында талкуулаган. Талибдердин бийлигин бир да мамлекет тааный элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG