Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Зулушев: Kaktus.media сайтындагы маалымат боюнча экспертиза дайындалды


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Kaktus.media сайтына жарыяланган кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалымат боюнча экспертиза дайындалганын билдирди.

Ал 9-февралдагы басма сөз жыйынында тергөөдө коюлган айып далилденсе тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилип жоопко тартыларын, эгерде кылмыштын курамы жок болсо иш кыскартыларын айтты.

“Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ушул тапта Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Экспертиза чыгаруу үчүн токтом даярдалган. Жообу чыга элек. Ал жерде “Кыргыз мамлекети биринчи ок атты” деген маалымат болгон. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Журналист, жөнөкөй жаран, мамлекеттик кызматкер болобу мыйзам бузса, бирдей жооп бериши керек”.

27-январда Kaktus.media порталына кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чырга байланыштуу Тажикстандын Asia Plus басылмасына чыккан маалымат көчүрүп жарыяланган (перепечатка). Анда Asia Plus сайты чек арада кыргыз тарап биринчи ок чыгарганын жазган.

Kaktus.media басылманын максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болгонун билдирген жана кетирилген ката үчүн кыргызстандыктардан кечирим сураган.

Бул окуяга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон.

Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыккан. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Бул жаңжалда Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын маалымдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG