Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Эл артисти Жылдыз Малдыбаеванын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты.
Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси Жылдыз Малдыбаеванын сөөгү 9-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган чиновниктер, маданият ишмерлери, кесиптештеринин катышуусунда өттү.

Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги П.Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М.Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштеген.

Ал чыгармачылык жолунда "Мурас" вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.

Композитор Жылдыз Малдыбаева өзүнүн чыгармачылыгы менен азыркы кыргыз музыка маданиятына чоң салым кошкон. Композитор 8-февралда, 75 жашында дүйнө салды.

Ал СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы эле. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG