Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Аялдан чыккан алгачкы композитор келбес жайга кетти


Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 9-февраль, 2022-жыл.
Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 9-февраль, 2022-жыл.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси Жылдыз Малдыбаеванын сөөгү 9-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган чиновниктер, маданият ишмерлери, кесиптештеринин катышуусунда өттү.

Жылдыз Малдыбаева 8-февралда 75 жаш курагында дүйнө салды. Ал Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы композитор эле. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги наамдарын алган, “Даңк” медалынын ээси.

Өмүр жолу

Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.

П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.

1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн.

Композитор Жылдыз Малдыбаева атасы Абдылас Малдыбаев менен. (Архивдик сүрөт)
Композитор Жылдыз Малдыбаева атасы Абдылас Малдыбаев менен. (Архивдик сүрөт)

1969-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштеген. Институттун алдында "Мурас" вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.

“Биздин мезгил”, “Арноо”, “Манас келди”, “Рахмат турмуш”, “Бишкек”, “Ысык-Көл” деген лирикалык, патриоттук ырларды жараткан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепиано үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончел, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү.

Малдыбаева СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев менен Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Жылдыз Малдыбаеванын туура бир жыл мурун "Азаттыкка” курган акыркы маегин бул жерден угуңуз:

Малдыбаева: Бала кезден музыка менен өстүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:50 0:00

"Кечигип берилген сыйлыгынын акыбетин көрбөй..."

Малдыбаеванын чыгармалары дүйнөнүн белгилүү оркестрлеринде ойнолуп, кыргыз музыкасынын атын даңазалап келген. Анын сюиталары, симфониялык, камералык-аспаптык, камералык-аваздык, вокалдык, хор үчүн жазылган чыгармалары музыка сүйүүчүлөргө кеңири белгилүү.

Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев кыргыз музыкасынын чебери өмүрүн өнөргө арнаганын белгиледи.

“Эженин чыгармалары музыкалык мектептерде, окуу жайларында көп аткарылып жүрөт. Дайыма жаңы изденүүлөр менен чыгармачылыгын толуктап турчу. Үй-бүлө күткөн жок, жалгыз бой өттү. Анын үй-бүлөсү, бала-бакырасы, болгон дүйнөсүнүн баары чыгармачылык эле”.

"Классикалык музыкага көңүл бурулбай калды. Жеңил музыка болуп калбадыбы, ал элге бачым сиңет",-деп айткан композитор “Азаттык” менен болгон маектеринде.

“Азыр баары эле акчага кызыгып калышпадыбы. Композиторлор каржылык жагынан начар абалда. Себеби, мурда Маданият министрлиги угуу өткөрүп, каржы жагынан бир аз жардам берчү. Акча жок, өкмөт бербей жатат деп шылтап коюшат. Биз негизинен бекер иштеп жатабыз. Жазып атабыз, жазып атабыз, бирок ага төлөнбөйт. Азыркы заманда кантип жашаш керек, ошону да өйдө жактагылар түшүнүш керек го. Эмгек деген бааланышы керек. Азыр телеканалдар көбөйбөдүбү. Ошондо чет өлкөлөрдөгү музыканы угузуп атышпайбы. Бизди болсо баалашпайт. Чет өлкөдө симфония жазсаң, эмгегиңдин баасы 10 миллион доллар. Бизде миллион эмес эч нерсе жок. Иштегенге стимул болуш керек да. Анан жашоого дагы", - деген эле Жылдыз Малдыбаева. ​

Композитор Акимжан Жээнбай өнөр устаты кечигип берилген сыйлыгынын акыбетин көрбөй кеткенине кайгырды.

“Кыргыз профессионалдык музыкасына зор эмгек жасаган адамдан айрылдык. Өткөн жылы гана мамлекет тарабынан баа берилип, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына татыган. Ошол сыйлыгынын акыбетин көрсө болот эле. Эң өкүнүчтүүсү бизде өнөр адамдарын шылдыңдагандай эле мамиле болуп калгандай. Качан адам өлгөндө же өлөрүндө сыйлык берип жатышат. Жылдыз Малдыбаевага сыйлыкты 30-40 жыл мурун эле беришсе болмок. Ал Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов өңдүү атактуу композиторлор менен замандаш болуп иштеди. Жөнөкөй чыгармалардан баштап, симфониялык чыгармаларга чейин кайрылды. Айрыкча эстрада жанрындагы чыгармалары менен көпчүлүккө таанылды”.

2017-жылы Малдыбаева балдарга арналган музыкалык чыгармаларын топтоп, "Ырлар" деген китебин чыгарган. “Кыргыздын ырлары бар да. Балдар үчүн ырларды чыгардым, үйрөтүш керек. Бакчага барсам, тарбиячылар орусча сүйлөп, "Крокодил Гена" менен отурушат. Кыргыз тилин ошол жерден башташ керек да”, - деп айткан эле музыка чебери.

Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 9-февраль, 2022-жыл.
Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 9-февраль, 2022-жыл.

Маркумдун замандаштары, шакирттери анын кыргыз искусствосуна сиңирген эмгегин эскерип жатышат.

Музыка таануучу Жамила Маматова Малдыбаеваны музыка тармагында түрдүү жанрга кайрылганы менен, улуттук негизди туу тутуп сактаган талант эле деп эскерди.

“Малдыбаеванын чыгармаларынын ичинен “Али баба жана кырк каракчы” балеттик сюитасы өзгөчөлөнүп турат. Патриоттук темадагы “Манас келди” деген да ыры бар. Манас ааламына деле жөн жерден кайрылбаса керек. Мындан сырткары “Сезим ойлору”, “Таңшы комуз” аттуу лирикалык ырларынын темасы да анын улуттук баалуулукка басым жасаганынан кабар берип турат. Өзү орусча тарбияланып өскөнү менен сөздү туура тандай билген, сөзгө өтө маани берген адам эле. Ал дайыма “сөз, музыка аркылуу элди тарбиялап, эстетикалык табит беребиз” деп айтар эле”.

Улуттук опера жана балет театрынын башкы дирижеру Жумакадыр Каниметов Жылдыз Малдыбаеванын улуттук консерваторияда эмгектенбей калганы өкүнүчүн айтты.

“Бул киши консерваторияда иштеши керек болчу. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам иштеген жок. Ал жерде эмгектенип калса көптөгөн таланттуу кадрларды тарбиялап чыгармак. Ушуга абдан өкүнөм. Азыр арабызда бир симфониялык чыгарма жазып төш кагып жүрүшкөндөр көп. А бул эжебиз өз ишинде профессионал адам эле. Мен анын өтүнүчү менеен алгачкы симфонияларын Кыргыз радиосунун алтын фондуна жаздырып бердим. Анын артында эбегейсиз мурасы сакталып калды. Алар ысымын унуттурбайт деп ойлойм”.

2021-жылдын сентябрь айында улуттук филармонияда белгилүү композиторлор Эсенгул Жумабаев, Сардарбек Жумалиев, Жылдыз Малдыбаева, Акимжан Жээнбай, Түгөлбай Казаков баштаган бир нече юбиляр композитордун мааракеси чогуу белгиленди.

Малдыбаева ошол кезде “Азаттыкка” жеке юбилейин өткөрүүдө кандай кыйынчылыктар болорун айтып берген эле.

“Чыгармаларым даяр. Бирок, азыркы учурда уюштуруу иштерин жүргүзүү кыйынга турат. Биринчиден, пандемиянын себебинен эл чогултуу кыйын. Анан да азыр ырыңды аткаруучуларга эмгек акысын төлөп беришин керек. Алар сый-урмат катары бир-эки жолу жардам бериши мүмкүн, бирок дайыма эле бекер сурана берүү болбойт. Ушундай көйгөйлөр бар”,-деген эле Малдыбаева.

Кыргыз композиторлорунун мааракеси белгиленди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG