Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

"Той ырларынан арылып, маданиятыбызды дүйнөгө тааныталы"


Ырчылар Гүлнара Тойгонбаева жана Адилет Жумабеков.

Биздин студияга Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева жана белгилүү ырчы, Орусиянын Биринчи каналынын "Голос" долбоорунун катышуучусу Адилет Жумабеков келишти.

Алар менен кыргыз заманбап музыкасындагы оош-кыйыштарды, ошондой эле музыканын деңгээлин, шоу-бизнестеги аракеттерди жана мүмкүнчүлүктөрдү талкууладык.

Гүлнара Тойгонбаева: Бүгүн майрамдык маанайда күлүп сүйлөшөлү.

- Деги, узаган 2021-жыл кыргыз заманбап музыкасы үчүн, жеке сиздер үчүн кандай болду деп ойлойсуңар? Кандай кемчиликтер, ийгиликтер бар?

Адилет Жумабеков: 2021-жыл жеке мен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Бул жылы кыздуу болдум. Орусиянын белгилүү теледолбооруна катышып, жакшы жетишкендиктерге жеттим. Жалпы жонунан жакшы жыл болду.

"Голос" тууралуу айта турган болсом, 2019-жылы катышуу ниетимди билдирип, кагаз жолдогом. Ал жылы эле өткөн элем. Бирок, менин кезегим келгенге чейин эле топтордун саны такталып, толуп калды. Ошентип илинбей калдым. Ал убакта маанайым чөгүп, бир аз жаман болдум. Эки жылдан кийин кайра өзүлөрү чалып, чакыруу жиберишти. Анан быйыл өзүмдү жакшы жагынан сынап көрдүм. Бир чети эки жыл мурун катышпай калганым жакшы эле болгон окшойт. Анткени быйыл "Голостун" он жылдык мааракелик чыгарылышы болуп, калыстардын мурдагы курамы кайтып келди. Александр Градский, Дима Билан, Леонид Агутин жана Пелагея.

Гүлнара Тойгонбаева: 2021-жыл өзгөчө, эсте калган жылдардан болду. Бул жылы да пандемия шартында иштөөгө туура келди. Ага карабай биз ички ресурс, энергиябызды изденүүгө, жаңы нерселерди жаратууга жумшадык. "KG тай" долбоору менен шакирттерди таптадым. Аларга көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылдым.

- Акыркы кездери технологиянын өнүгүшү үйдө отуруп эле дүйнөлүк атак-даңка жетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Мисалы, казакстандык диджей Иманбек Зейкенов кичи мекенинен алыс кетпей эле иштеп, дүйнөлүк хиттерди жаратты жана эл аралык "Грэмми" сыйлыгын алды. Кыргыз музыканттары заманбап технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн кандай колдонуп жатышат?

Гүлнара Тойгонбаева: Мурда 90-жылдары Бишкекте эки гана үн жаздыруучу студияда бар эле. Азыр мындай студиялар абдан көп. Айрым ырчылар өзүнүн үнүн жаздырып, музыканын коштоосунда "баланстап" берет. Ушундай музыкалык термин бар. Акыркы жылдары биздин үн менен музыканы бириктирген жергиликтүү адистер чет өлкөлүк фирмаларда иштеп жатышат. Алар Бишкекте отуруп эле буйрутма алып, жасап жиберишет экен. Онлайн иштеп, онлайн акчасын алып коет.

- Интернеттеги социалдык тармактардын өнүгүшү да талантын таанытууга эң сонун аянтча болуп калбадыбы. Азыр Тик-Ток, Инстаграм өндүү социалдык тармактардын күчү менен популярдуулукту арттыруу жеңилдедиби? Себеби, жазган ырыңды азыр сөзсүз теледе эле эмес, Ютубга жүктөп деле көрөрман топтосо болот эмеспи.

Адилет Жумабеков: Мен да интернет азыркы ырчыларга аябай жакшы шарт, мүмкүнчүлүктү түзүп берди деп айта алам. Анткени эгер сенин талантың болсо, ошол интернеттеги угармандарың эле колдоп, сүрөп кетет экен. Ал тургай сен бир гана өзүңдүн өлкөңдө эле эмес, чет жакта да тааныта аласың. Маселен, "Голосто" монгол тилинде ыр аткардым эле. "Ютубга" жарыяланган тасмага миңдеген пикирлер келип түшүптүр. Көбү кайсы тилде экенин билбесе да, музыканын сапатына карап жактырган. Көрсө, музыка аябай кооз, жандүйнөгө жеткендей аткарылса, анын тили да маанисиз экен.

Демек, биз деле кыргыз тилинде, этно музыканы эч кандай чектөөсү жок элге таанытсак болот экен. Кыргыз музыкасын элге жайылтканга аракет кылыш керек экен. Мисалы, коңшу казак эли өзүнүн маданиятын дүйнөгө тааныта алды. Эмнеге биз анте албайбыз?

Гүлнара Тойгонбаева: Бул жерде дагы бир нерсе бар. Ошол эле Димашты ала турган болсок, анын фундаменти, базасы ондогон жыл мурда түптөлүп калган. Казак бийлиги маданиятка жетишерлик көңүл буруп, акчалай колдоо да дурус болгон. Мына ошол колдоонун натыйжасын, жемишин азыр алар көрүп жатышат. Балким, биздин деле кайсы бир айылда, элетте ошондой "Димаш" отургандыр. Ошондуктан азыркы бийликтен аябай көптү үмүт кылып жатабыз. Биздин маданият чөйрөсүнө мурдагыдай суз мамиле эмес, көңүл бурулуп, колдоо болот деген үмүттөбүз. Себеби, канчалаган жылдар бою маданиятка казынадан артып калган акча гана бөлүнүп келди. Мисалы, Адилет да мына ушул сынакка кийим кечесин өзү даярдап, өзү кем-карчына каражат издеди да. Эгер мамлекеттен бир аз колдоо болгондо мүмкүн жеңип деле калмак.

Адилет Жумабеков: Негизи биринчи тандоо туруна барганда бийлик өкүлдөрдөн бир адам каржы жактан жардам берди. Анын аты-жөнүн азыр айтпай эле турайын. Бирок, ага абдан ыраазы болуп калдым. Анткени башында колдоо болбосо, барбай деле калмакмын да. Үчүнчү турга чейин жетпейт элем.

- "Голос" сынагында кайсы бир конкурсантка тартып койгон маанай байкалган жокпу?

Адилет Жумабеков: ​Азыр бул жакка менин берген маегимди Дима Билан укпаса керек э? (күлүп). Сынак аяктаганда мен ага ыраазычылыгымды айтып, билдирүү жаздым эле. Билан "Эгерде менин тандоом болгондо, сен андан ары өтмөксүң" деген маанайда жазыптыр. Бир чети окуп алып, кубанып калдым. Мындай пикирлер аябай көп келип түштү.

Гүлнара Тойгонбаева: ​Мага Адилеттин ырдаганы абдан жакты. Негизи, сенин кийинки турга өтө турган дараметиң бар эле. Себеби, мындай сынактарда жалгыз эле ырчынын аракетинен тышкары да, колдоо керек экен. Мисалы, мен деле азыр эл аралык балдар сынактарынан көп нерсени байкадым. Көрсө, ар бир катышуучунун артында анын кызыкчылыгын коргоп турган бирөө керек экен.

- Эми сынак темасынан башкана кепти бурсак. Пандемия башталгандан бери маданият адамдарына да оор болду. Мурдагыдай гастрол, концерттер, ал тургай тойлор өтпөй калбадыбы. 2021-жылы эл алдында чыгып ырдоо өзүнчө эле башкача ырахат тартууласа керек…

Гүлнара Тойгонбаева: Чыныдыганда, эл алдында ырдап чыккан күндөрдү өзгөчө карантинде отурганда аябай сагынып калдык. Бул жылы концерттер бир аз өткөрүлө баштады. Бирок көп эмес, анткени аралыкты сактап, көрүүчүлөрдү отургузуу керек экен. Жарым зал көрүүчү менен концертке кеткен жалпы чыгымды актоо мүмкүн эмес. Ошондуктан коммерциялык концерттер ушундай шартта токтоп, өткөрүлбөй калды. Мага ушундай сезилди.

- Акыркы жылдары кыргыз шоу-бизнесине сынды күчөткөн теманы козгоюн деп турам. Ырчылар той деңгээлинен чыга албай калды деген пикирлер тууралуу. Денгээлди көтөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү чечиле турганбы? Мисалы, концерттерге ылайыкташкан заманбап музыкалык сарай, салмактуу ырлар азайып, жеңил ырлардын көбөйүшү... Негизи той ырлары бул көйгөйбү?

Гүлнара Тойгонбаева: Бул маселени чечүү үчүн өкмөттүн колдоосу керек. Мисалы, Казакстанда "Казак концерт" деген филармониядай жай бар. Анда мына ушул биз айтып жаткан сапаттуу, ар кандай жанрдагы музыка жаратуучулар иштейт. Бирок, биздин филармониянын ырчаларына ал жактагыдай колдоо жок. Анткени андай жанрдагы ырларды элге жайылтуу, пропаганда кылуу үчүн атайын аракеттер көрүлүшү керек. Азыр эми той-топур ырлары тойдо деле, башка аянтча, интернетте деле популярдуу болуп баратат. Ошол эле кезде башка жанрда ырдаган ырчыларды тойлорго көп чакырышпайт. Бул маселени чечүүгө чоң саясат керек.

Адилет Жумабеков: ​Дүйнөдөгү башка өнүккөн мамлекеттерде ырчылар концерт же альбомдор менен каражат табышат. Бир жылдай жалаң ыр чыгарып, иштеп, аны альбомго камтып чыгарат. Күйөрмандары ошол альбомду сатып алуу менен аны каржылык жактан да колдой алат. Бизде бул нерсе өнүгө элек. Эл азырынча түшүнө элек.

Мен өзүм деле тойго чыгам. Бирок, антракт учурунда көбүнесе чет тилдеги ырларды аткарам. Анткени ырчылардын негизги киреше булагы бул той. Белгилүү, таанымал ырчы Мирбек Атабековдун мисалын айта кетейин. Мирбек атайын чет өлкөгө барып, ырларын жаздырып, альбом даярдап келген. Ал муну менен күйөрмандарына жаңычылдыкты киргизип, кыргыз шоу-бизнесин эрчитейин деген. Бир диск 1000-1500 сомдун тегерегинде болду. Аны сатса, көбү алган жок. Анткени эл андайга көнгөн эмес. Ошондуктан менимче той ырлары бул - көйгөй.

Гүлнара Тойгонбаева: Мен деле диск чыгарган элем. Бирок, ал үйдө эле жатат. Өзүм жакын санаалаштырама гана таратып бердим. Тилекке каршы, бизде ырчынын чыгармачылыгын баалап, анын эмгегине акча коротуп, сатып алуу маданияты калыптана элек. Бул эми качан чечилээри белгисиз. Мүмкүн ондогон жылдар керектелет... Ошол эле кезде сапаттуу концерт залдары да жок. Биздин бир кесиптеш Кытайга барып келип, концерттик залын көрүп, таң калган экен. Ал жактын шоу жаратканы, ага ошол имарат да мүмкүнчүлүк түзөт.

- Биз азыр мамлекеттик колдоо жана музыканын сапаты тууралуу сүйлөштүк. Ал эми ырчылар эмне менен алек? Алар жыңычылдыкка умтулуп, изденеби?

Адилет Жумабеков: ​ Башка ырчылар эмес, өзүм тууралуу айта турган болсом пландар аябай көп. Сапаттуу музыка, контент жараткан топ чогултуп жатам. Бир чети ырчылар күйөрмандардын табити ушундай болуп жатканына өзүлөрү күнөөлүү. Анткени эл азыр жеңил желпи, философиясы жок ырларга жакын. А эгер баары сапаттуу контент жаратуу менен алек болгондо, алардын табити да өзгөрмөк. Бул жагдай ырчылардан да көз каранды. Эшегине жараша тушагы да, мындайча айтканда.

Гүлнара Тойгонбаева: Негизи той ырлары деле керек. Бирок, алар басымдуу болуп кетти. Азыр ырчы кыз-келиндердин баарынын "Жар-жар" ыры бар. Аны ырдабаган мен анан дагы 1-2 эле ырчы калдык окшойт.

- Гүлнара айым, сизди ырчы эле эмес, устат катары да билебиз. Акыркы жылдары балдарга арналган "KG тай"​ долбооруңуз кызыгууну жаратып келет. Жаш ырчыларга кандай сунуштарды, каалоо-тилектерди айтат элеңиз?

Гүлнара Тойгонбаева: Быйыл бул долбоорго алты жыл болду. Былтыркы беш жылдык мааракелик концертибизди быйыл өткөрдүк. Ырчы, бийчилерибиз катышкан чоң концерт болду. Биздин долбоордо ырдаган ырчылар эл аралык сынактарга катышып жатышат. Биз идиреги бар жаш балдар үчүн бул долбоорду токтотпой, иштетип жатабыз. Анткени, менин элесиме ушул долбоорду алыскы Алайдын, Баткендин жеткинчектери көрүп, дем, колдоо алганы келе берет. Менимче, элеттеги өспүрүмдөрдү колдоп, шыктандыруу үчүн ушундай долбоор керек.

- Эми 2022-жылга болгон каалоо-тилектериңиздерди уккубуз келет….

Гүлнара Тойгонбаева: Жалпы маданият өкүлдөрү, кесиптештериме ийгилик, эргүүнү каалайт элем. 2022-жыл жетишкендиктердин жылы болсун! Бул жылы биздин ишибизди баалап, уккан күйөрмандарга да жан дүйнөсү ырахат алсын!

Адилет Жумабеков: ​Мен угармандарга айтарым, ойлогон ой максаттарга кандай гана болбосун жетүү керек экен. Өзүңө болгон ишенимди эч убакта жоготпош керек. Мен эми эле ырчылык дүйнөсүнө арлашып баштаганда бут тоосуулар да болгон. Кайсы бир кафеде иштеп жүргөндө "бул бала ырдай албайт экен" деп микрофонду тартып алган учурлар болду. Бул менен айткым келгени, ар ким сүйлөй берет экен. Эч кимдин сөзүнө көңүл бурбаңыз! Аракет кылып, бир гана максатыңыз ишке ашышына кадам таштаңыз!

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Санжар Эралиев

    Санжар Эралиев "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин кызматкери. Журналисттик этика жаатында адис. “Азаттыктын” бир катар подкаст долбоорлорунун автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG