Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Кыргызстандык таланттын Москвадагы жеңиши


Александр Волкодав.
Александр Волкодав.

30-декабрда Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Александр Волкодав жеңүүчү болду.

Сынактын финалында кыргызстандык ырчы казакстандык Ернар Садирбаев, Алишер Каримов жана орусиялык Элина Пан таймашты. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, шоунун жеңүүчүсү болуп кыргызстандык Александр Волкодав табылса, экинчи орунга казакстандык ырчы Алишер Каримов ээ болду.

32 жаштагы Александр финалдык концерттин башында насаатчысы Пелагея менен бирге нидерланддык ырчы Дункан Лоуренстин "Arcade" чыгармасын аткарды. Андан соң Сергей Трофимовдун "Казачья" ырын, ал эми жыйынтыктоочу этапта "Луч солнца золотого" чыгармасын ырдады.

Александрдын жеңиши Жаңы жыл алдында жалпы мекендештери жана күйөрмандарына жагымдуу белек болду.

“Кубанычымда чек жок, кубанычтын көз жаштарын тыйгым келбей турат. Бул чоң сыймык болду. Мага ишенгендер үчүн, мени колдоп жана добуш бергендер үчүн да бул зор сыймык. Менин насаатчымдын ишеничи үчүн да ыраазымын. Бардык көрүүчүлөргө да алкыш айтам. Кудайга бул мүмкүнчүлүктү бергенине шүгүр, мен жеңдим!”,-дедим ал Биринчи каналга курган маегинде.

Александр аталган долбоордун финалын уткан алгачкы кыргызстандык ырчы. Буга чейин 2016-жылдын аягында сынактын финалына кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев чыгып, 3-орунга ээ болгон.

“Голос” долбоорунун быйылкы сынагына Кыргызстандан дагы бир ырчы Адилет Жумабеков катышып, 3-турга чейин жеткен. Аз да болсо тажрыйба топтогонун айткан Жумабеков чет өлкөлүк сынактарга улуттук ырларды да даңазалоо керектигин белгиледи.

“Чыгармачылыкта кандайдыр бир чектер, рамкалар болбошу керек. Чет элдик сынактарда кыргыз тилин даңазалоо үчүн азыркы ырларыбызды эле эмес, эски, этно ырларыбызды да чыгарсак болот. Ошондо музыкабыз да кеңири таанылат. Коңшу казак туугандарча жокпузбу? Алар өз тилиндеги ырларды ырдап келе жатышат. Мен “Голос” долбооруна барганда монголчо бир ыр ырдасам, абдан жакшы кабыл алышты. 3-турдан кийин алдыга өтпөсөм дагы бул сынактан жакшы тажрыйба топтоп келдим”.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева “Азаттыкка” курган маегинде мамлекет тарабынан татыктуу деңгээлде материалдык жактан колдоо көрсөтүлгөндө, катылып жаткан канчалаган таланттар чет өлкөдө желек көтөрмөк дейт:

“Балким, азыр айылда бир канча “Димаштар” катылып жаткандыр. Александр, Адилетке окшогон таланттарга колдоо гана керек эмеспи. Эми азыркы бийликтен чоң үмүт кылып жатам. Күлүйпа Кондучалованы эскерүү кечесинде өлкө башчы Садыр Жапаров көп убадаларды берди “Маданиятты колдойм” деп. Маданиятыбыз өнүксө, колдоого ээ болсо, Кыргызстандын эле кадыры көтөрүлөт да”.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык ырчы Александр Волкодавды куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосун Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм", - деген президент.

Александр сынактын жарым финалына чыккандан кийин кыргыз коомчулугунда ырчыны колдогон флешмоб старт алган эле. Социалдык тармактын колдонуучулары музыкантка #СаняАлга хэштеги менен ага дем берип турушкан.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да аны колдоп, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасаган. Министр Орусиядагы мигрант мекендештерди финалда добуш берүүгө чакырган эле. Сынактын шарты боюнча Кыргызстандан добуш бере алышпайт.



Орусиянын Биринчи каналындагы “Голос” долбоору 2012-жылдан бери өткөрүлүп келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG