Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

"Кыргыз кереметинин" жаңы кербени


Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасынын постери.

Кыргыз киносунун түптөлгөнүнө быйыл туура 80 жыл толду. Кылымга жакын мезгил аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыкты. Өнүгүүнүн бир катар этаптарын басып өткөн кыргыз киносу 80 жыл ичинде кандай өзгөрүүлөргө учурады?

Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын маалыматына караганда, эгемендик алгандан бери республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат эсебинен жыл сайын эки толук метраждуу көркөм жана эки толук метраждуу даректүү, 4-5 кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар тартылууда.

2020-жылы “Кыргыз тасмасы” мамлекеттик мекемеси тарабынан каттоодон тогуз улуттук көркөм тасма өтсө, быйыл тогуз ай ичинде 16 улуттук тасма катталган. Бул статистикадан бир жыл ичинде ата мекендик тасмалар дээрлик эки эсеге көп тартылып, элге тартууланганын байкасак болот.

Бирок коомчулукта эгемендик жылдары тартылган тасмалар тууралуу пикир бир кылка эмес. Айрыкча учурдагы кинолорду советтик доордогу тасмаларга салыштырып, сапатына сын айткандар арбын.

Анткен менен режиссер Бакыт Мукул азыркы тасмалардын деңгээли түштү деген дооматка макул эмес. Ал азыр деле “Кыргыз кереметинен” кем эмес эмгектер жаралып жатат деген пикирде.

Бакыт Мукул.
Бакыт Мукул.

“Азыркылар мурдагы киночулардын даражасына жетпей жатат деген туура эмес. Менимче, азыркылар алардан да ашты. Себеби, өткөн доордогу Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев баштаган режиссерлор тарткан улуттук тасмалар СССРге, Европага гана таанылса, азыркы айрым кинолорубуз дүйнө жүзүнө таанылып жатат. Алдыңкы делген фестивалдарга катышып, ийгиликтерди багындырган тасмалар да жетиштүү. Бирок биз аларды “керемет” деп айтуудан тайсалдайбыз. Эмнеге антебиз билбейм. Билгеним, азыр деле “Кыргыз кереметинин” жаңы жашоосу уланууда”.

Комедия тартуу оор, бирок...

Соңку жылдары кыргыз киносу комедия жанрына басым жасаганы байкалат. Бирок ошол эле маалда башка жанрларга маани берилбей жатканы айтылып келет. Кино сынчысы Регина Жаманкулова мунун себебин каражаттын аздыгынан көрөт.

“Азыр жаштардын көбү комедия жанрына ыктап жатат. Азыркы жашоо агымынан улам ушул жанрдагы тасмаларга талап көп болушу мүмкүн. Ал эми визуалдык эффекттер менен дүйнөлүк стандарттагы тасмаларды тартуу үчүн ошого жараша оңбогондой каражат керек. Азыркы тасмалардын баарын начар деп айтуудан алысмын. Менимче, ар бир доорду түшүнүү үчүн ошол учурда тартылган тасманы көрүү керек. Тасма коомдогу көрүнүштөрдү чагылдырган күзгү десек болот. Негизинен кино тармагы акырындап өнүгүп жатат, изденүүгө аракет кылганда сапат дагы өнүгөт”.

Кыргызстанда соңку жылдары артхаус же автордук тасмалар да тартылууда. Айрымдары эл аралык фестивалдарда байгеге илинген. Бирок алар кыргыз көрүүчүлөрүнүн арасынан жетиштүү күйөрман топтой албай келет. Бир нече автордук тасманын режиссеру Темир Бирназаров мында киночулардын да күнөөсү барына токтолду.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

“Кээде артхаус деп өтө эле ашырып жиберип жатабыз. Режиссерлор көйгөйдү чагылдыруунун ордуна өзүнүн жеке амбициясына басым жасап кеткен учурлар бар. Башкача айтканда, өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин көрсөтөм деп жатып көрүүчү менен эсептешпей калат. Ушундай шартта улуттук, дүйнөлүк темалар артта калууда. Мына ушул себептен бизде автордук кинолордун саны аз, эл да мындай кинолорго жакшы келбей жатат".

Режиссер убагында кыргыз киносунун өнүгүшүнө атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы да зор таасир тийгизгенин, азыр калемгерлер арасынан күчтүү авторлор чыкпай жатканын кошумчалады.

"Кыргыз прозасы да ойдогудай деңгээлде өнүкпөй жатат. Албетте, жакшы авторлор бар, бирок көбү майда темаларга кайрылууда. Проза өнүксө, улуттук кинолорго да жакшы таасир этмек”, - дейт Бирназаров.

Ал эми режиссер Сүйүн Откеев учурда кыргыз киносунда башка жанрларды да өнүктүрүү жолун издеп жаткан экен.

Сүйүн Откеев.
Сүйүн Откеев.

“Мелодрама, драма, фантастика жана башка жанрларды биздин эл деле жакшы көрөт. Бирок бир маселе, бардык эле көрүүчүлөр борбордо болбогондуктан, кинотеатрга бара албайт. Ошондуктан тасма жаратуучулар бул жанрга кайрылбай жатат. Анткени чыгымы акталышы керек да. Кинотеатрга бара албаган көрүүчүлөр аны интернеттен көргүсү келет. Биз ушул себептен улам “Этномедиа” аттуу онлайн кинотеатр ачтык. Ошол жерде комедиядан башка жогорудагы түрдүү жанрдагы тасмаларды илип жатабыз. Онлайн кинотеатрдын акчасы да арзан. Элетте жашагандар үчүн үйүндө отуруп алып көргөнгө ыңгайлуу. Буюрса ушундай жол менен гана улуттук тасмалардын түрдүү жанрлары элге тарайт деген ойдомун. Биздин негизги максаттардын бири ушул”, - деди Откеев.

Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” көркөм тасмасы.
Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” көркөм тасмасы.

Билим жана тажрыйба

Кыргыз киносунун ойдогудай өнүкпөй жатканын жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен маданий байланыштын аксаганынан, тажрыйба алмашуунун жоктугунан көргөндөр да бар.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров маданий алакаларды кайрадан жандантуу үчүн төмөнкүдөй сунуштарын айтты.

Эрнест Абдыжапаров.
Эрнест Абдыжапаров.

“Совет доорунда биз бир мамлекет болчубуз, каржылообуз да бир жерден болчу. Бүгүнкү күндө бизде байланыш караманча үзүлгөн. Союздагы ар мамлекеттин кинолору өз жолу менен кетти. Учурунда даңаза болгон өзбек киносу да мурдагы деңгээлде эмес. Башка мамлекеттин элдери да Голливуддун кинолорун көрүп калды. Боордош деген казак-кыргыз элинин көрүүчүлөрү бири-биринин актер, режиссерлорун жакшы тааныбайт. Жакында мына Садык Шер-Нияздын демилгеси менен түрк дүйнөсүнүн элин бириктирген“Коркут ата” фестивалы өттү. Ушундай фестивалдарда киночулар бири-бирин көрүп, тасмаларын башка өлкөгө тааныта алат. Мисалы, кайсы өлкөдө фестивал болсо, ошол элдин маданиятына пайда алып келет. Чыгармачыл чөйрөнүн башкалар менен алакасын жанданталы десек, көрүүчүлөрдүн деңгээлин көтөрөлү десек, бизге да чоң фестивалдар керек”.

Тажрыйба демекчи, өткөн кылымда Сүймөнкул Чокморов, Талгат Нигматулин баштаган бир катар актерлор башка киностудиялар тарткан тасмаларда образ жараткан. Кыргыз режиссерлору да кошуна өлкөлөрдүн таланттуу инсандары менен иштешип турган.

Адистер азыр да маданий кызматташтыкты жандантуу зарылдыгын, бирок бул деңгээлге чыгыш үчүн кино жаатында жүргөн шыктуу улан-кыздарды чет өлкөдөн окутуп, тажрыйба топтоп келишине жол ачуу керек экенин белгилешет.

Убагында Москвада ГИТИСтин актердук факультетинен билим алган, бир катар советтик тасмаларга тартылган Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова мамлекет же болбосо демөөрчүлөр актер, режиссерлорду чет өлкөдөн окутуп, жаңы деңгээлге чыгарууга маани берсе деген пикирде.

Назира Мамбетова.
Назира Мамбетова.

“Биринчиден, чыгармачыл чөйрөгө кесипкөйлүк жетишпей жатат. Кинону тартуу оңой эмес, ал үчүн билим керек. Эгемендик менен бардык тармакка эркиндик келди дейбиз. Бирок ар ким каалаган тасмасын тартканы менен деңгээл төмөн болуп жатпайбы. Кээ бирөөлөр “болбогон бир нерселерди тартып жатасыңар" деп сын айтышат. Бирок ошол болбогон бирдеме кылса да аракет кылып жатпайбы. Илгери мамлекет кино адистерин атайын окутчу. Азыр каражат, шарты жок көбү окуй албай калышты. Тасма тартам, тасмага тартылам деген таланттууларды таптай албай аксап турабыз. Аксагандык кесипкөйлүккө да таасир этет экен”.

Кинематография күнү 1994-жылдан бери расмий белгиленип келет. 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде кинохроникалык студия ачуу тууралуу токтом кабыл алынган. Ошондон бери бул дата кыргыз киносунун жаралган күнү болуп эсептелет. Биринчи кыргыз тасмасы - “Салтанат” 1955-жылы тартылган.

“Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, азыркы күндө кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жүргүзөт. Департаменттин карамагында төмөнкү мекемелер ишмердүүлүгүн жүгүзүүдө:

  • Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы;
  • “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси;
  • Ч.Айтматов атындагы Республикалык кино үйү;
  • Жети облустук, 22 райондук кинодирекциялар (10 авто жүрүүчү кино түйүн);
  • 38 мамлекеттик кинотеатр.

Андан сырткары Кыргызстандын аймагында 12 жеке менчик кинотеатр жана 34 жеке менчик киностудия иш алып барууда.

Кыргыз кино дүйнөсүнүн тарыхына учкай кайрылсак, 1960-1970-жылдар аралыгында тартылган бир топ тасмалар “Кыргыз керемети” деген бийик атка татыган. Сынчылар, көрөрмандар мындай аталышты Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров баштаган көрүнүктүү кинорежиссерлордун ысымы менен байланыштырат.

Бул кино өкүлдөрү тарткан “Жамиля”, “Бакайдын жайыты” (Төлөмүш Океев), “Ак кеме”, “Караш-караш окуясы”(Болот Шамшиев), “Ак Мөөр”, “Тайгак кечүү” (Мелис Убукеев) “Саманчынын жолу”, “Буктурма” (Геннадий Базаров) жана башка бир топ тасмалар убагында көрүүчүлөрдүн мыкты баасына арзыган.

“Кыргыз кереметинин” доорунда Капар Медетбеков, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажибекова, Назира Мамбетова, Айтурган Темирова баштаган бир нече актер, актрисалардын жылдызы жанган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG