Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Pink Floyd Украинага арнап ыр жазды


Pink Floyd тобунун вокалисти жана гитаристи Дэвид Гилмор.
Pink Floyd тобунун вокалисти жана гитаристи Дэвид Гилмор.

Британиялык Pink Floyd рок-тобу 1994-жылдан бери биринчи жолу Hey Hey Rise Up аттуу ырын жазып, синглди сатуудан түшкөн акчанын баары Украинага гуманитардык жардамга жумшаларын жарыялады.

Композицияга буга чейин Киевдин аймактык коргонуусунун катарына кирген украиналык "Бумбокс" тобунун лидери Андрий Хлывнюктун вокалдары колдонулган. Pink Floyd синглдин аталышы Хлывнюктун аткаруусундагы ырдын саптарына тиешелүү: "Биз ошол кызыл калинаны көтөрөбүз! Биз Украинабызды даңктайбыз!".

Pink Floyd тобунун вокалисти жана гитаристи Дэвид Гилмор жаңы синглдин чыгышына комментарий берип жатып, топ "көз карандысыз, тынч демократиялык өлкөгө кол салуу жана анын элин өлтүрүүнү жийиркенүү менен айыптай" турганын айтты.


Апта башында дагы бир америкалык белгилүү музыкант Жон Леженд өзү атайын Украинага арнап Free деген ыр чыгарган. Аны Украиналык музыканттар Мика Ньютон, Сюзанна Игидан жана акын Любов Якимчук менен кошо “Грэмми” музыкалык сыйлыктарын тапшыруу аземинде аткарып беришкен.

Британияда 1965-жылы түптөлгөн Pink Floyd рок тобу дүйнөдөгү эң ийгиликтүү жана таасирдүү музыканттардын катарында. Топтун пластинкалары 250 миллиондон ашуун нускада сатылган. Pink Floyd тобунун лидери бас-гитарист жана вокалист Роджер Уотерс учурда 79 жашта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG