Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Беларуста митингди чагылдырган журналист "чыккынчылыкка" айыпталууда


“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында.
“Белсат” каналынын журналисттери Екатерина Андреева жана Дарья Чульцова cот залында.

Беларуста "Белсаттын" журналисти Екатерина Андреева мамлекетке чыккынчылык кылган (Кылмыш-жаза кодексинин 356-беренесинин 1-бөлүгү) деп айыпталып жатканын анын күйөөсү Игорь Ильяш Facebook баракчасына жазды. Журналист 2021-жылдын февраль айында Роман Бондаренконун элесине арналган тынчтык митингин эфирге чыгарганы үчүн эки жылга эркинен ажыратылган. Бул мөөнөттүн бүтөрүнө 5 ай калган. Иляштын айтымында, "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен ачылган иш боюнча тергөө аяктап, прокуратурага өткөрүлөт. Бул берене менен Андреева 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Бул айып эмненин негизинде козголгонун билбейбиз. Тергөө толугу менен жашыруун өттү. Биз ал тергөө абагына түшкөн 55 суткадан бери Катянын статусун да, ошол эле "процессуалдык аракеттер" кайсы берене боюнча жасалып жатканын да билген жокпуз. Биз алиге чейин айыптын маңызы тууралуу эч нерсе биле элекпиз. Бул маселе боюнча эч кандай маалымат ала албайт окшойбуз, анткени соттун жабык болору билинип калды", - деп жазган журналисттин күйөөсү.

Игорь Ильяш бул кылмыш ишин “журналисттик ишмердүүлүк үчүн өч алуу” деп эсептейт.

"Белсат" 2007-жылы Польшанын Тышкы иштер министрлиги менен мамлекеттик Telewizja Polska телерадиокомпаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган телеканал. Негизинен беларус тилинде берүүлөрдү чыгарат. Ошондой эле, айрым телепрограммалары орус тилинде да даярдалат. Телеканал Беларустагы нааразылык акцияларын жигердүү чагылдырып келет. 2020-жылы "Белсаттын" журналисттери 162 жолу камакка алынган жана техникалык жабдыктары конфискацияланган.

"Белсаттын" дагы бир журналисти Дарья Чулцова 2020-жылы эки жылга камалган.

Өлкөнү 1994-жылдан тарта башкарып келген Александр Лукашенко 2020-жылы августта болгон президенттик шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган.

Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон тарта Беларустун ири шаарларында Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адам катышкан каршылык акциялары өткөн.

Айрым оппозиция лидерлери куугунтук, зордук-зомбулуктан улам аргасыз өлкөдөн чыгып кеткен. Каршылык акциясына чыккандар арасында зомбулуктун айынан ажал тапкандар да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG