Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Муратовго кызыл боёк чачып кетишти


Дмитрий Муратов кол салуу болгондон кийин.
Дмитрий Муратов кол салуу болгондон кийин.

Орусиядагы "Новая газета" басылмасынын башкы редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратовго белгисиз киши ацетон кошулган сыр (боёк) чачып кетти. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн "Новая газета. Европа" басылмасы бейшембинин кечинде журналисттин өзүнө шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя Муратов отурган купеде болгон жана мындан улам поезд каттамы 30 мүнөткө кечиккен.

"Көзүм дуулдап ачышып жатат. Москва-Самара каттамындагы поезд", - деп билдирген Муратов.

Анын айтымында, кол салган киши "Муратов, бул биздин жигиттер үчүн" деп кыйкырган.

Азырынча Муратовго кол салуу Москва-Самара каттамынын кайсы бөлүгүндө болгону так айтыла элек.

Дмитрий Муратов редакторлук кылып келген "Новая газета" көз карандысыз басылмасы орус бийлигинен эскертүүлөрдү алгандан кийин ишин убактылуу токтотуп жатканын өткөн аптада жарыялаган. Орусиянын байланыш жана медиа тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси сот аркылуу бул медианы жаба турганын кеминде эки жолу эскерткен.

Украин согушун чагылдыруудагы мындай чектөөлөрдөн улам Орусиядан чыгып кеткен "Новая газета" басылмасынын журналисттери 7-апрелде "Новая газета. Европа" жаңы маалымат каражатын негиздегенин билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG