Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Орусия БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарылды


БУУнун Башкы ассамблеясы.
БУУнун Башкы ассамблеясы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгарууга макулдугун берди. 7-апрелде тиешелүү резолюцияны Башкы ассамблеяга мүчө 193 мамлекеттин 93ү колдоду.

Орусиядан тышкары Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу 24 өлкө каршы болду. 51 мамлекет добуш берүүдөн карманып, калыс калды.

БУУнун баш кеңсеси Женевада жайгашкан Адам укуктары боюнча кеңешине 47 мамлекет мүчө. Уюмдун сайтындагы маалыматка ылайык, Орусиянын бул кеңештеги мүчөлүгү 2023-жылы аяктамак. Кайсы бир мамлекетти бул кеңештен чыгаруу үчүн тиешелүү резолюцияны добуш берүүгө катышкан мамлекеттердин үчтөн экиси колдошу керек. Калыс калган мамлекеттердин добушу саналбайт.

Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптаган жана согушту токтотууга чакырган эки резолюцияны кабыл алган. Ал резолюцияларда Кыргызстан добуш берүүдөн карманган.

Орусия Украинага басып киргенине алты жумадан ашты. Согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, миллиондогон украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду. Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнү маалым болгондон кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап жатат. Москва Бучага байланыштуу айыптоолорду четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG