Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

АКШ Сенаты Украинага курал жөнөтүүнү жеңилдеткен документти колдоду


Украиналык аскерлер Javelin ракеталык комплексин колдонууда.
Украиналык аскерлер Javelin ракеталык комплексин колдонууда.

АКШнын Сенаты Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн жолдорун жеңилдеткен мыйзам долбоорун бир добуштан колдоду. 6-апрелдин кечинде жактырылган документ президент Жо Байденге ленд-лиз (Lend-Lease) программасын колдонууга же Киев менен коргонуу каражаттарын карызга же лизингге берүү тууралуу келишим түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет. Мындай программа курал-жарактардын экспортун кечеңдеткен жагдайларды алдын алууга шарт түзөт.

Сенаттагы көпчүлүктүн башчысы Чак Шумер бул мыйзам долбоорун сунуштап жатып, орус күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин "геноцид" деп сыпаттады. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Бул документ январь айында Москва Украинага кол салары кабарланып жаткан учурда даярдалып, Конгресстин сайтына жайгаштырылган. Ага Республикачылар партиясынын 14 сенатору, демократтардан 6 сенатор жана Конгресстин жогорку палатасынын бир көз карандысыз мүчөсү авторлук кылат.

Ленд-лиз программасы акыркы жолу Дүйнөлүк экинчи согуш маалында колдонулган. Анда Америка нацисттик Германияга каршы күрөшкөн Улуу Британия жана СССР сыяктуу өлкөлөргө аскердик жардам көрсөткөн.

Орусия Украинага басып киргенине алты жумадан ашты. Согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, миллиондогон украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.

Соңку жумаларда орус күчтөрү Украинанын түндүгүндөгү жана Киевдин тегерегиндеги аймактардан чыгып кеткени менен чыгыш тарапта жаңы чабуулдарга даярдык көрүп жатканы кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG