Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Кремл Воронцова менен Тихонова Путиндин кыздары экенин моюнга алды


Мария Воронцова.
Мария Воронцова.

Кремл АКШнын санкцияларына кабылган эндокринолог Мария Воронцова менен илимий менежер Катерина Тихонова президент Владимир Путиндин кыздары экенин расмий түрдө биринчи жолу моюнуна алды.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен маегинде Кремл Путиндин кыздарына салынган санкцияга сөзсүз жооп кайтарарын айтты. Ал мындай жооп Москва "кандай зарыл деп эсептесе, ошондой" тартипте болорун эскертти.

Буга чейин Путин Воронцова менен Тихонова кыздары экенин ырастаган да, четке каккан да эмес.

Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнүн маалым болгондон кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап жатат. 6-апрелде АКШ 37 жаштагы Мария Воронцова менен 35 жаштагы Екатерина Тихонованы "кара тизмеге" киргизген. Ошондой эле Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банкы саналган "Сбербанкка" жана "Альфа банкка" да санкция салынган. Москва Бучадагы кыргынга байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Воронцова - саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG