Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Forbes: Назарбаевдин кыз-күйөөсүнүн байлыгы бир жылда 35% көбөйдү


Динара жана Тимур Кулибаевдер.
Динара жана Тимур Кулибаевдер.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаеванын жана анын жолдошу Тимур Кулибаевдин байлыгы бир жылда 35% же 2 миллиард долларга көбөйдү.

Натыйжада, түгөйлөрдүн байлыгы 7,6 миллиард долларга жетип, Forbes журналы жаңы жарыялаган "Дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесинде" бир нече баскычка көтөрүлүп, 778-орунга жайгашты. 2021-жылдагы тизмеде алар 1111-орунда болчу.

“Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, 54 жаштагы Динара менен 55 жаштагы Тимур Кулибаев Казакстандагы эң ири каржы уюму деген "Халык" банкка ээлик кылган "Алмэкс" компаниясынын түпкү кожоюндары. Алар мындан тышкары Казакстандын бир нече шаарында соода жана оюн-зоок борборлоруна ээлик кылган компанияларды башкарышат.

2021-жылы Кулибаев Алматы аэропортун түрк холдингине сатуу боюнча келишимге кол койгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, келишимдин наркы 365 миллион долларды түзгөн.

Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү жана ага жакын кишилер жогорку кызматтарынан ажыраган. Тимур Кулибаев "Атамекен" ишкерлер палатасынын президиумунун төрагалыгынан кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттары Динара Кулибаева эл көзүнө көп көрүнбөй калганын, ал убактысынын көбүн чет өлкөдө өткөрүп жатканын жазып келишет.

Динара Кулибаева Женева көлүнүн жээгиндеги эки кымбат баалуу үйдүн жана Бельрив хансарайынын ээси экени кабарланып келет. Швейцариялык басылмалар былтыр Женева кантонунун бийлиги Кулибаеванын тарыхый мааниси бар имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тууралуу планына тынчсызданып жатканын жазышкан.

Быйыл Deutsche Welle журналисттери Германиядан Тимур Кулибаевге тиешелүү бир нече кыймылсыз мүлктү табышкан. Анын арасында вилла жана эки конок үй да бар. Кулибаевдердин Европа өлкөлөрүндө башка да кыймылсыз мүлктөрү бар экенин айтылып келет.

Forbes журналы жарыялаган тизмеге дүйнөдөгү 2668 миллиардер кошулган. Алардын арасында Назарбаевдин кыз-күйөөсүнөн тышкары дагы үч казакстандык миллиардер - Владимир Ким, Булат Утемуратов жана Вячеслав Ким бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG