Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Түрк соту Хашогжинин өлүмү боюнча ишти Саудияга өткөрүп берди


Жамал Хашогжинин сүрөтү.
Жамал Хашогжинин сүрөтү.

Түркиянын соту The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча сыртынан айыпталгандардын ишин токтотуп, соттук процессти Сауд Арабиясына өткөрүп берүүгө макулдугун берди. Укук коргоо уюмдарынын каршылыгына карабай кабыл алынган бул чечимди Стамбул сотунун башкы судьясы 7-апрелде жарыялады.

Буга чейин прокурорлор Хашогжини өлтүрүүгө айыпталган жана сыртынан соттолуп жаткан 26 саудиялык жарандын иши боюнча так чечим чыгарууга мүмкүн эместигин билдирип, соттон бул ишти Сауд Арабиясына өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Мындай демилгени Түркиянын Юстиция министрлиги да колдогон.

Журналист Жамал Хашогжи 2018-жылдын 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде саудиялык агенттер тарабынан өлтүрүлгөнү ырасталган. 59 жашында киши колдуу болгон бул журналист 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды сындап келген.

Укук коргоочулар жана Хашогжинин жакын санаалаштары сот процессин Түркияда өткөрүү зарылдыгын, антпесе журналистке эмне болгону ачык чыкпай каларын, Саудия бул ишти жаап-жашырып коерун айтышкан.

"Адам укуктары саясий сүйлөшүүлөрүнүн предмети болбошу керек. Киши өлтүрүүнү мамилени оңдоо үчүн жаап-жашырбаш керек", - деп билдирген өткөн аптада Amnesty International уюмунун Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Тарик Бейхан.

Хашогжинин өлүмүнөн кийин Түркия менен Саудиянын алакасы өтө солгундап кеткен. Соңку мезгилде Анкара Эр-Рияд менен алакасын оңдоого аракет көрүп жатканы кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG