Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Зеленский Орусия Донбасска чабуул коюуга камданып жатканын айтты


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский 6-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда Орусиянын күчтөрү Донбасстагы жаңы чабуулдарына камылга көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда орус армиясы Украинанын чыгышындагы "дымагын" ишке ашыруу үчүн күчүн топтоп жатат.

Ал Батыш өлкөлөрү Бучадагы кыргынды улай жарыялаган санкциялардын жаңы пакети таасирдүү болгону менен жетишсиз экенин белгиледи.

"Эгер Орусияга каршы чыныгы сокку уруучу санкциялардын топтому болбосо, эгер бизге керектүү жана биз көп жолу сураган курал-жарактар болбосо, анда муну Орусия уруксат катары кабыл алат. Алдыга жылуу жана чабуул коюуга берилген уруксат. Донбасста кан төгүүнүн жаңы толкунун баштоо үчүн уруксат", - деди Зеленский.

Ал Киев Батыш өлкөлөрү Орусиянын мунайынан баш тартуунун жолун табышы керек экенин кошумчалады.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Донбасстагы жайкын тургундарды коопсуз аймактарга жер которууга чакырды.

Орусия Украинага басып киргенине алты жума болду. АКШнын коргоо тармагындагы расмий өкүлү билдиргендей, соңку күндөрү орус армиясы Украинанын түндүгүндөгү Киев жана Чернигов шаарларынын айланасынан 24 миңдей аскерин Беларусту жана Орусияны көздөй чыгарып кетти. Атын атагысы келбеген бул расмий өкүл жер которгон орус аскерлери Украинанын чыгышындагы салгылашууларга тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтарынын айрым маалыматтарына ылайык, Орусияга Украинанын чыгышындагы жаңы чабуулдарга даярдануу үчүн бир айдай убакыт кетиши мүмкүн.

24-февралдан бери Украинадагы согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качты. Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтарды улай 7-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусияны уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешинен чыгаруу маселесине добуш бергени жатат. Расмий Москва орус күчтөрү жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG